«Чек араны коргогон аскер». Фоторепортаж
- 3 года мурун
- Баяндар
Көп жылдардан бери чечилбеген чек ара көйгөйү кыргызстандыктарды түйшөлтүп келет. Айрыкча, Баткен облусунда болуп өткөн куралдуу кагылышуудан кийин бул маселе дагы да чыңалып, бүтпөгөн жара бойдон калды. Биз бул жолу «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы» аттуу фотодолбоордо чек араны коргогон аскерлердин жашоосу тууралуу айтып беребиз.
«Өрүкзардын мекени» аталган Баткен облусу чындыгында кооз. Баткенге биринчи жолу бараткан адам «Зардалыда өмүрү жарык болгон эмес» деген жаңылыктарды көрүп чоңойгон болсо, таң калаары анык. Анткени, жол катар тизиле салынган үйлөр менен асфальт жол Баткендин өнүгүп келе жаткан облус экенин көрсөтөт.
Бирок бир жагынан бул жерде өзүңдү толук эркин сезүү мүмкүн эместей. Анткени, шаарды аралап баратып бирөөнөн жол сурасаң «Этият бол, коңшу тарапка өтүп кетпе!» деп айтып турушат. Себеби, чек аранын көп жери тактала элек болгондуктан, көпчүлүк аймакта зым же тосмо коюлган эмес.
Дал ушул аймактарды, «мекен сакчылары» аталган чек арачылар карап турушат.
«Миң Булак» чек ара заставасы Баткен облусундагы көптөгөн аскердик бөлүктүн бири. Бул жер 2017-жылы ноябрь айында ачылып, Тажикстан менен чектешкен жерде орун алган.
Бул заставада күн-түн дебей чек-араны кайтарып отурган аскерлер жашайт.
Аскерлердин күнүмдүк жашоосу көпчүлүккө белгилүү болгондой эле эрте башталат. Кыргыз-тажик чек арасында орун алган «Миң Булак» заставасы да саат 6:00дө ротанын командири же сержант кирип «Рота, тургула!» деп кыйкыргандан кийин жанданат.
Аскерлер, командирдин сөзүн угары менен ойгонуп кыска убакыттын аралыгында даяр болушат.
Андан кийин машыгуу башталат. Командирлердин айтымында, физикалык даярдык баарынан маанилүү. Анткени, эгер бир коркунуч башталса баары өз милдетине киришүүсү зарыл.
Көнүгүү жана машыгуулардан кийин, эртең мененки тамак берилет. Машыгуудан кийин аскерлердин баары ачка болуп келишет. Бирок, тамактанууга да ченелүү убакыт берилгендиктен, алар көп сөзгө алаксыбай бат-баттан тамактанууга аракет кылышат.
Андан кийин кадимкидей сабактар өтүлөт.
Командирлердин айтымында, физикалык даярдыктан тышкары аскерлерге билим берүү да өтө маанилүү.
Чек арада кызмат өтөп жаткандардын көпчүлүгү 18 жаштан 25 жашка чейинки уландар. Көпчүлүгүнүн келечекте аскердик жолун улантсам деген ойлору бар. Алардын бири Аскар Авазбек уулу. Ал «Миң Булак» чек ара бөлүгүндө бир жылдан ашык убакыттан бери кызмат өтөйт. Ата-энеси аскер кызматкерлери болгондуктан Аскар да алардын жолун жолдогон. Анын айтымында азыркы убакта аскер кызматын өтөгүсү келген жаштардын саны күн сайын өсүп баратат:
«Мектепте окуп жүргөндө эле аскер кызматкери болом деп кыялданганмын. Өзүм беш бир туугандын улуусу болгондуктан, менден кийинки эки иним да аскер болууну каалашат. Негизи 10 жыл мурдагыга салыштырмалуу аскерге кызыккандардын саны өсүп калды десем болот. Анткени, мамлекет тарабынан чек арага жана заставаларга өзгөчө көңүл бурулуп жатат»
Аскар чек ара заставасында кинолог болуп иштейт. Ал бул кызмат өтө жооптуу экенин айтат.
Анткени, ал багып жаткан ит чек арага кирген чоочун адамдарды кармап, аткезчилик менен өткөрүлүп жаткан товарларды даана айырмалай алат.
Аскар өзү позитивдүү жана ачык айрым жигит. Ал бизге аймакты көрсөтүп жатып, Кыргызстандын келечеги кең экенине ишенээрин, ал эми чек ара көйгөйлөрү убакыттын өтүшү менен чечиле турган маселе экенин айтып өттү:
«Кыргызстандын эгемендүүлүк алганынана 30 жыл болду. Башка мамлекеттердей эле көптөгөн кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк. Бирок азыр, кыргыз армиясы күндөн-күнгө өнүгүп жатат. Ал эми чек ара маселеси да бара-бара чечилет деп ойлойм. Мен өзүм кызыгып бул жолду тандап, өмүрүмдү да аябоого ант бергенмин. Ошого биз бул жакты коргой беребиз»
Аскар сыяктуу аскердик кызмат өтөгөн ондогон уландар бир гана машыгуу менен чектелишпейт. Кээде теннис ойноп, бокс менен да алектенип турушат.
Кызыгы, армия аскерлер үчүн чыныгы жашоого даярдай турган мектеп сыяктуу. Анткени, бул жерде алар өздөрү нан жаап кирлерин жууганды да өздөштүрүшөт.
Бирок аскерлер үчүн баарынан маанилүүсү чек араны коргоо. Күн сайын жок дегенде 4-5 жолу аймак тыкыр көзөмөлдөнүп турат.
Ал эми, күзөт постунда күн-түн дебей аскерлер турушат.
Негизи эле чек араны көрбөй туруп көйгөйдү түшүнүү мүмкүн эмес сыяктуу. Ал эми аскерлер күн-түн дебей чек-араны кайтарып, Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо үчүн аракет кылып келишет.
Автор: Гулиза Урустамбек кызы
Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.