Жумгалда 13 жаштагы кызын зордуктоого шектелген адам кармалды

  • 3 года мурун

Нарын облусунун Жумгал районунда 13 жаштагы кызын зордуктоого шектелип 54 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Нарын облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ушул жылдын сентябрь айында милицияга Жумгал районунун С. Т. аттуу тургуну 2008-жылы төрөлгөн кызын көптөн бери зордуктап жүргөнү жөнүндө арыз келип түшкөн.

Факт 2021-жылдын сентябрында каттоого алынып, милиция иликтөө ишин баштаган. Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн аялын өлтүргөнү үчүн сегиз жыл абакта отуруп, 2018-жылы эркиндикке чыкканы белгилүү болгон.

Ошол эле кезде шектүү өзү кызын зордуктаганын жашырган эмес. ОИИБдин маалыматына ылайык, сурак учурунда ал кызы менен 2021-жылдын июлунда жыныстык катнашка барганын, ага чейин сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылып жүргөнүн билдирген.

Бирок анын жашы жете элек өспүрүм кызы атасы аны эки жылдан бери зордуктап жүргөнүн айткан.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы Жумгал райсоту шектүүнү 2021-жылдын 21-ноябрына чейин эки айга камакка алганын кошумчалады. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты