«Талибан» кыймылы «Ислам Мамлекетине» каршы күрөшүүдө АКШ менен кызматташуудан баш тартты

  • 3 года мурун

«Талибан»* “экстремисттик топтордун жолун бөгөө” үчүн Кошмо Штаттар менен кызматташпай турганын билдирди.

Кыймылдын өкүлү Сухайл Шахин Associated Press агенттигине талибдер “Ислам мамлекети” тобуна каршы турууга күчү жетерин айткан.

9-10-октябрь күндөрү “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү Катарда АКШнын делегациясы менен жолугушкан. AP билдиргендей, Ооганстандагы экстремисттик топтор менен күрөшүү сүйлөшүүдөгү негизги темалардын бири болгон.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү өткөн жума күнү Al-Jazeera телеканалына сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү талибердин Ооганстандагы бийлигин таануу дегенге жатпай турганын кабарлаган.

Ооганстанда терроризмден тышкары оор экономикалык абал да курч бойдон калууда. Талибдер бийликке келгенден кийин бул өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү 9,4 миллиард долларга жакын активи тоңдурулган. Ооганстандын убактылуу өкмөтүндө тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Моттаки Дохадагы сүйлөшүүлөрдө талибдер АКШны бул активдерди алууга уруксат берүүгө жана өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырышканын айтты.

* Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм

Сүрөт: Global Look Press/Medyan Dairieh

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты