​Бишкектин депутаты көрүстөндөн миңдей киши алдын ала жай сатып алганын айтты

  • 3 года мурун

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов 7-октябрдагы жыйында ТүштүкБатыш көрүстөнүнөн алдынала жай сатып алган миңдей киши жерге ордер берүүнү талап кылып кайрылганын билдирди.

«Түштүк-Батыш көрүстөнү иштеп турган учурда миңдей адам жерге берилген туугандарынын жанынан жай сатып алышкан экен. Ошол миңдей адамдын жүзгө жакыны сатып алган жерге ордер берүүнү талап кылып кайрылышкан. Документтер болгон экен, бирок көрүстөндүн документтерди сактоочу жайы өрттөнүп кетиптир. Сатылып алынган жерлер бош турат экен. Азыр ал жерлер кайра сатылып жатат деп арызданып келишти» деди Эргешов.

Депутат көрүстөндөгү жерди инвентаризациядан өткөрүп, кайрылган жарандардын маселесин чечүү боюнча тапшырма берилгенин билдирди.

“Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынынан буга байланыштуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Бош жер калбаганына байланыштуу Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнө сөөк коюу 2021-жылдын 1-январынан тарта токтотулган. Депутат Эргешовдун айтуусунда азыркы учурда да көрүстөнгө сөөк коюлган учурлар бар.

Май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин “Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын кызматкери 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.

Бишкектеги көр сатуу фактылары тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаев иликтөө жүргүзүп, анын негизинде 2019-жылы кылмыш иши козголгон.

Тергөө жүргүзгөн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иш эмне болуп аяктаганы жөнүндө маалымат берген эмес. Эгизбаевдин коомдо резонанс жараткан «Көрүстөндөгү коррупция» телепрограммасы эфирге 2018-жылы 30-майда чыккан. Анда аталган көрүстөндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты