Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

2021-жылдын 12-мартынан 2021-жылдын 9-апрелине чейин кыргыз медиа уюму «Медиа Өнүгүү борбору» Коомдук фонду жана ЖМК мониторинги боюнча MEMO 98 словакиялык коммерциялык эмес атайын медиа уюму, 11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүштү.

Мониторингдин түп нускасы шилтемеде.

Мониторингдин негизги максаты — социалдык тармактардын шайлоонун адилеттигине тийгизген таасирин жана шайлоочулар өз чечимдерин кабыл алышы үчүн зарыл болгон маанилүү маалыматтын социалдык тармактар аркылуу берилишинин деңгээлине таасирди аныктоо. Телекөрсөтүү саясат боюнча маалыматтын негизги булагы болуп саналат, бирок социалдык тармактардын актуалдуулугунун өсүп жатканын моюнга алуу керек, ошондуктан биз Фейсбук менен Инстаграмга мониторинг жасоону уланттык. Биз шайлоо учурунда Кыргызстанда социалдык тармактар канчалык деңгээлде колдонулаарын аныктоого кызыктык. MEMO 98 жана Медиа Өнүгүү Борбору (МӨБ) 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жана 2021-жылдын 10-январындагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун алдында да социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүшкөн.

Кыргызстанда 2,5 миллионго жакын социалдык тармактардын колдонуучулары бар, бул калктын болжол менен 40 пайызын түзөт (Борбор Азия чөлкөмүндөгү социалдык тармактарды колдонуучулардын 22 пайызына салыштырмалуу), Инстаграмда 2,1 миллион жана Фейсбукта 610 миң аудитория бар (тиешелүү платформаларда Фейсбук же Инстаграм жарнамалары аркылуу жеткиликтүү адамдар).

Мониторингге Фейсбуктагы акторлордун (субъекттердин) аккаунттары жана Инстаграмдагы төрт категория (саясатчылар, саясий партиялар, мамлекеттик органдар жана ЖМК) камтылган. Бишкек шаардык кеңешине (мындан ары — БШК) шайлоого катышкан 25 саясий партиянын баштапкы тизмесинен бул партиялардын лидерлери жана президент С. Жапаров; жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу 3 мамлекеттик орган, мониторингдин жыйынтыгына Фейсбук жана Инстаграмда мониторинг учурунда ачык баракчалары же аккаунттары бар катышуучулар киргизилген. Мындай аккаунттар 8 саясатчыда, 21 саясий партияда жана Фейсбуктагы 3 мамлекеттик органда, ошондой эле Инстаграмда 22 саясатчыда, 20 саясий партияда жана 2 расмий органда болгон.1

Саясатчылар, саясий партиялар, мамлекеттик органдар жалпысынан 2,519 кабарларды Фейсбукта жана 2,153 кабарды Инстаграмда жарыялашкан. Бул посттор Фейсбукта 286,407 жана Инстаграмда 1,816,570 өз ара аракеттерди пайда кылган.

_____________________________________

1 Мониторинг ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын Фейсбуктагы 11 баракчасына, Инстаграмдагы 11 аккаунтунун ишине байкоо жүргүзгөн.

Саясий контекст

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо (жергиликтүү кеңештер — шайлануучу мыйзам чыгаруу органы) республиканын айрым шаарларында жана кээ бир аймактарында 2020-жылдын 12-апрелинде өтүшү керек болчу. Бирок республикада COVID-19 пандемиясына байланыштуу Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн бир катар аймактарында өзгөчө абал киргизилген. Экс-президент С. Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдыруу боюнча жарлыкка кол койгон. Октябрь окуясынан жана бийлик алмашкандан кийин жаңы шайланган президент Садыр Жапаров2 жергиликтүү кеңештерге шайлоону 2021-жылдын 11-апрелине дайындады3. Анын үстүнө плебисцит жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо менен бир күнү өттү. Конституция боюнча референдум өткөрүү боюнча тиешелүү мыйзамды Кыргыз Республикасынын Парламенти (Жогорку Кеңеш) көпчүлүк добуш менен кабыл алып, 2021 -жылдын мартында ага президент С. Жапаров кол койгон.

Албетте, жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен бир күнгө дайындалган конституциялык реформа шайлоо процессине таасирин тийгизди. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, парламенттин депутаттарынын саны белгисиз бойдон калууда4. Ошондой эле документтин текстинен депутаттар кантип шайланаары, саясий партиялардын өкүлдөрү болобу же бир мандаттуу округдардан шайланышабы, түшүнүксүз. Ушундай белгисиздик көптөгөн партияларды жергиликтүү шайлоого көбүрөөк көңүл бурууга алып келди. Башка жагынан алганда, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду 2021-жылдын күзүндө өтө турган ири саясий процесске — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого даярдык катары кароого болот. Ошол эле учурда, 2020-жылдын октябрь окуялары жарандык активдүүлүккө олуттуу таасирин тийгизди, бул чоң финансылык ресурстары жок, бирок калктын бир бөлүгүнүн колдоосуна ээ болгон жаңы саясий партиялардын түзүлүшүнө алып келди.

Мыйзамдарга ылайык, шаардык кеңештерге шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө 30 күн, жергиликтүү кеңештер үчүн 20 күн бөлүнгөн. Шаардык кеңешке депутат болгусу келгендер кайсы бир партиянын курамынан көрсөтүлүшү керек. Жалпысынан республика боюнча жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна 56 саясий партия катышты. Кыргыз Республикасындагы 28 шаардык жана 420 жергиликтүү кеңештерге шайлоолор белгиленген. Бирок партиялардын ортосундагы негизги күрөш борбордун парламентине мандат алуу үчүн болгон. Атаандаштыктын деңгээли боюнча Бишкек шаардык кеңешине (мындан ары — БШК) шайлоо, атүгүл 2020-жылдын октябрында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болгон шайлоону да басып өттү. Ошентип, БШКне шайлоого 25 партия катталды, анын ичинен 45 мандат үчүн 1,800дөн ашык талапкер болгон. Атаандаштыктын мындай деңгээли саясий партияларды шайлоочулардын тандоосуна таасир тийгизүү үчүн мыйзамдуу жана мыйзамсыз ыкмаларды колдонууга алып келди. Мисалы, Фейсбуктагы5 аккаунттарды талдоого караганда, кээ бир саясий партиялар шайлоо алдындагы үгүт иштеринде болжолдуу жасалма аккаунттарды колдонууга барышкан.

____________________________________

2 https://www.bbc.com/russian/news-55595377

3 https://kaktus.media/doc/431542_mestnye_vybory_v_bishkeke_i_v_oshe_naznacheny_na_11_aprelia._japarov_podpisal_ykaz.html

4 Жаңы Конституция боюнча парламент депутаттарынын саны Конституциялык мыйзам менен аныкталат.

5 https://factcheck.kg/vybory-v-bgk-kakie-partii-opirayutsya-na-fejkovuyu-podderzhku/

КОРУТУНДУЛАР

  • Мониторинг 2021-жылдын 12-мартынан 9-апрелге чейин жүргүзүлгөн. Ал саясий субьектилердин (саясатчылардын, саясий партиялардын, мамлекеттик органдардын) Фейсбуктагы 32 ачык аккаунтуна жана Инстаграмдагы ушундай 44 аккаунтуна көңүл бурган.
  • Фейсбуктагы байкоого алынган саясий акторлордун аккаунттарына жалпысынан 2,519 пост жарыяланган, анын ичинен 1,819 пост саясий партиялар, 212 саясатчылар жана 488 пост бийлик тарабынан жазылган. Саясий акторлордун Фейсбуктагы бул постторунун бардыгы 286,407 өз ара аракеттенүүнү жараткан.
  • Мониторинг кылынган саясий акторлордун Инстаграмдагы аккаунттары жалпысынан 2,153 пост жарыялашкан — андыктан Инстаграмда аккаунттары көп болгон күндө да, Фейсбукка караганда посттор азыраак жарыяланган. Бул санга саясий партиялардын 1,631 посттору, 361 саясатчылардын посттору жана 161 бийликтин посттору кирген. Инстаграмдагы бардык посттор чогуу 1,816,570 өз ара аракеттенүүнү жараткан. Инстаграмдагы өз ара аракеттенүү ылдамдыгы жалпысынан Фейсбукка караганда жогору (бул мурунку шайлоолордо да белгиленген); Инстаграмдагы посттор Фейсбук постторуна караганда болжол менен 6 эсе көп өз ара аракеттенүүнү жараткан.
  • Фейсбукта негизги саясатчылардан (изилдөөгө алынган 8 профилдин ичинен) бир топ активдүү Н.Тюлеев6 болду (103 пост), андан кийин Президент С. Жапаров (51 пост) жана Б. Тольбаев7 (31 пост) болушкан. Бул саясатчылар өз ара аракеттенүү боюнча да басым жасашкан: Н. Тюлеев (21,578), С. Жапаров (11,090) жана Б. Тольбаев (6,957), булардан кийин Ө. Бабанов8 (2,051) жана К. Сооронкулова9 (1,324) болгон.
  • Ошол эле саясатчылар Инстаграмда да абдан активдүү болушту, эң активдүүсү Анжелика Кайратовна (72 пост), андан кийин президент С. Жапаров (54 пост), Н. Тюлеев (48 пост) жана И. Карыпбеков (44 пост) болгон. Өз ара аракеттенүү жагынан А.Кайратовна үстөмдүк кылды (910,000ден ашуун), андан кийин Н. Кадырбеков (332,000) жана С. Жапаров (94,000ге жетпеген). 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоонун алдында Анжелика Кайратовна Инстаграмда эң популярдуу постторду жарыялаган (ошол учурда социалдык тармактарда таасирдүү адам (таасир берүүчү) катары).
  • Фейсбукта байкоого алынган 21 саясий партиянын аккаунтунун ичинен 8 аккаунтта 100дөн ашуун пост жайгаштырылган. Эң активдүү партия “Ак Бата” (209 пост), андан кийин “Эмгек” (200 пост) жана “Республика” (183 пост) болгон. Өз ара аракеттенүү жагынан “Тынчтык” партиясы эң эффективдүү болгон, анткени анын 116 постунда 37,000 өз ара аракеттенүү болгон. Андан кийин 33,000 өз ара аракеттенүү менен «Республика», андан кийин үчүнчү орунда 29,000 өз ара аракеттенүү менен “Ынтымак” партиясы болгон.
  • Инстаграмда партиялар Фейсбукка караганда азыраак пост жарыялашкан (1,631 жана 1,819). Эң активдүү саясий партия «Ыйман Нуру» болду, анын 200гө жакын посту чыккан, андан кийин «Реформа» (175) жана «Республика» (156). Өз ара аракеттенүү жагынан «Биздин Эл” партиясы 80,000 өз ара аракеттенүүсү менен үстөмдүк кылды (бардыгы 70 пост), андан кийин “Ыйман Нуру” 45,000, Реформа (36,000) жана “Тынчтык” (33,000) болгон.
  • Бишкек мэриясы эки платформада тең байкоого алынып жаткан үч мамлекеттик органдардын арасынан эң активдүү болду. Фейсбукта 376 пост, Инстаграмда – 124 пост жайгашкан.
  • Байкоого алынган жалпыга маалымдоо каражаттарына келсек, эки платформадагы өз ара аракеттенүүсү эң жогорку 200 посттун ичинен салыштырмалуу аз гана сандагысы саясий маселелерге арналган. Фейсбукта жана Инстаграмда мындай посттор 24 жана 40 гана болгон. Учурдагы президент С. Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүл борборунда болуп турган, анткени саясий посттордун үчтөн эки бөлүгү ага арналган. Тактап айтканда, ал жөнүндө Фейсбукта 16 жана Инстаграмда 27 пост жазылган жана аларда негизинен бейтарап чагылдырылган.
  • Фейсбукта да, Инстаграмда да саясатчылардын жана саясий партиялардын постторунда негизги тема катары шайлоо басымдуулук кылды. Бишкек жана Ош шаардык мэриялары транспорт жана инфраструктурага байланыштуу маселелерге көңүл бурушту. Эң көп өз ара аракеттенүүгө дуушар болгон жалпыга маалымдоо каражаттарынын постторунда шайлоого жана саясатка байланышкан темалар ЖМК көңүл борборунда болгон эмес. Эки платформада тең эл аралык мамилелерге, COVID-19га жана социалдык маселелерге байланышкан маселелер басымдуулук кылды.
  • Саясий акторлор Фейсбукка таандык платформаларда жарнамаларды колдонушкан. Жарнама үчүн сарпталган жалпы сумма, январдагы шайлоого кеткен суммадан жок эле дегенде эки эсе көп болгон (2600гө жакын жарнама жарыялары үчүн бул шайлоодо болжол менен 30,000 доллар, январдагы шайлоодо 1,740 жарнама үчүн 16,000 миң долларга жакын).
  • Мурунку мониторингдегидей эле жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду. Ушул үгүт өнөктүгүнөн кийин, иштей турган онлайн механизмди киргизүү жана санариптик жана медиа сабаттуулукту жогорулатуу зарылдыгы ого бетер курч турат.

III.ДИАГРАММАЛАР

ФЕЙСБУК

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

Мониторинг: жалган маалымат кампаниясы да жергиликтүү шайлоолордо өзүнүн терс ролун ойноду

IV.АЛДЫҢКЫ ПОСТТОР

Фейсбук

Мамлекеттик органдар

Бишкек мэриясынын посту эң көп реакцияны пайда кылды. Мэрия бак-дарактар отургузулгандыгы жөнүндө пост жарыялаган. Муниципалитет жыл сайын бактарды жана гүлдөрдү отургузат.

Ош шаарынын мэриясынын тамак жөнүндөгү посту абдан көп каралган пост болду. 21-мартта Кыргызстанда жазгы күн менен түн теңелген күн – Нооруз майрамы белгиленет. Майрамдын урматына мэрия палоо жасап (Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы сыйлуу тамак), жашоочуларга майрамдык маанайы менен бөлүшкөн.

ЖМК

Мониторинг учурунда «Спутник» жана «Жетинчи канал» тарабынан жарыяланган эки абдан популярдуу пост шайлоого байланышкан эмес эле.

Kloop.kgнин Роза Горбаева жөнүндөгү абдан көп каралган посту да шайлоо контекстинен тышкары болду. Ал анын даттануусу боюнча БУУнун аялдарга карата дискриминацияны жок кылуу боюнча Комитети чечим кабыл алган Кыргызстандан чыккан биринчи аял. БУУ Комитети Кыргызстан Конвенциянын тогуз беренеси боюнча өз милдеттенмесин аткарбай, абакта жаткан аялдардын укуктарын бузгандыгын көрсөтүп, Кыргызстандын өкмөтүнөн Р. Горбаевага шайкеш келе турган кенемте берүүнү талап кылган.

Саясий партиялар

Кыргызстан коммунисттер партиясынын посту эң көп көрүлгөн жана эң көп ой-пикирлерди алган. Бул жерде видеонун каарманы Коммунисттик партияны, совет бийлигин мактайт, Советтер Союзунун жетишкендиктери жөнүндө сөз кылат жана капиталисттик түзүлүштү сынга алат.

«Тандоо эркиндиги» саясий партиясынын посту. Белгилүү кыргыз балеринасы, ал дагы ушул партиядан талапкер, партиясына үгүттөп, өзү жөнүндө азыноолак кеп кылат.

«Тынчтык» саясий партиясынын посту. Анын талапкери, ошондой эле журналист дагы Болот Абдыжапаров шайлоочуларды өз партиясына добуш берүүгө чакырат.

Саясатчылар

Эң көп өз ара аракеттенүү «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынын лидери, белгилүү меценат жана ийгиликтүү ишкер Бабур Тольбаевдин постунда белгиленди, ал анда оппоненттери менен болгон ар кандай дебаттарга караганда апасы менен бирге болууну артык көрөрүн айткан.

«Республика» саясий партиясынын мурдагы жетекчиси, Кыргызстандын экс-премьер-министри Өмүрбек Бабанов жылкылары аркылуу жетишип жаткан ийгиликтери тууралуу айтып берген — бул пост саясатчылардын постторунун ичинен эң көп каралган. Белгилүү болгондой, саясатчы мал кармап, анын ичинде асыл тукум жылкыларды багат, ошондой эле ар кандай жарыштарга катышат.

«Ак Бата» партиясынын лидери Нариман Тюлеев Бишкектин экс-мэри, кайрадан социалдык тармактагы түз эфирде шайлоочуларга убада берип жатат.

Инстаграм

Мамлекеттик органдар

Эң көп реакцияны Бишкек шаарынын мэриясынын посту пайда кылды. Мэрия жарандардын ыңгайлуулугу үчүн жол белгилерин жана чийиндерди жаңыртуу боюнча аткарылган иштер боюнча билдирет.

Бишкек шаарынын мэриясынын посту абдан көп каралган. Ишембилик жөнүндө видеоотчет. Жыл сайын жазында муниципалитет бак-дарактарды, гүлдөрдү отургузат жана ишембилик уюштурат.

ЖМК

News.kgнин шайлоого байланышпаган посту баарынан көп өз ара аракеттенүүгө туш болду. Бул маалымат порталы 1-апрель юмор күнүнө карата бишкектиктерди тамашага алышкан. Билдирүүдө эгер коомдук транспорттогу жүргүнчүгө орун жетпесе, ал жол кирени төлөбөй койсо болору айтылат. Бишкек шаарынын тургундары үчүн транспорт көйгөйү абдан актуалдуу жана азаптуу.

Президент С. Жапаровдун сөзүнөн цитата келтирилген News.kgнин посту саясатка байланыштуу эң көп көрүлгөн пост болду. Президент Өзбекстанга келип, алардын экономикасы Кыргызстандан канчалык ашып түшкөнүнө таң калган. Келээри менен Кыргызстанда керек болсо тиш тазалагыч чыгарган фабрика жок экенин айтып, уялганын билдирген.

Саясий партиялар

«Биздин Эл» саясий партиясынын посту – алардын шайлоо алдындагы программасы менен баннери эң эле көп өз ара аракеттенүүнү пайда кылды.

«Ыйман Нуру» партиясынын посту. Бул партия өзүн диндин — исламдын мыйзамдарына ылайык жашап жана саясат алып барып жаткан катары көрсөтөт. Бул жерде партиянын лидери үй-бүлөдө жана коомдо аял кандай болушу керектиги тууралуу сөз кылат. Үй-бүлө кандай болушу керек ж.б.

«Биздин Эл» партиясынын посту. Шайлоо жарышынын жүрүшүндө экс-мэр, азыр шайлоого катышып жаткан «Ак Бата» партиясынын лидери, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары пандемия учурунда өздөрү шаардыктарга жардам беребиз деген себеп менен 3 миллион сомдон бөлүп алышканын айткан. Бул билдирүү тастыкталган жок, бирок шайлоо учурунда аны башка партиялар, анын ичинде “Биздин Эл” партиясы колдонду.

Саясатчылар

Анжелика Кайратовнанын посттору эң популярдуу жана эң көп көрүлгөн посттор болду. Анжелика — Кыргызстандагы атактуу жана эң популярдуу ырчы, жазылуучуларынын максималдуу саны менен таасирдүү инсан. “Биздин Эл” партиясынан депутаттыкка талапкер. Ал ушул кышта кырсыкка учураган жана бул пост жагымсыз абалдан чыгуу ырымынын видеоотчету.

Бул жерде депутаттыкка талапкер болгон ырчы COVID-19 менен ооруп калганын, бирок оптимисттик маанайда экенин айтат. Ал өзүнүн жазылуучулары — электораты менен социалдык тармактар аркылуу байланышып тураарын билдирет.

Анжелика Кайратовнанын посту. Анжелика улуттук кийим кийип бала менен. Кыргызстандыктарды 21-март жазгы күн менен түндүн теңелүү күнү менен куттуктап жатат.

Нуржигит Кадырбековдун посту. Ал өзүн чынчыл, адилет жана диндин – исламдын мыйзамдары менен жашап, башкарып жатканын көрсөткөн «Ыйман Нуру» партиясынын лидери болуп саналат. Ал биринчи кезекте адам башка бирөөдөн бирдеме талап кылыштан мурда өзүн өзү тарбиялоосу керектигин айтат.

.

Президент Садыр Жапаровдун посту. 7-апрелде жалпыга маалымдоо каражаттарында бир жигит Бишкектеги түбөлүк отту өчүрдү деген маалымат пайда болгон. Ал муну хайп үчүн жасаган. Муну жасаган жигит 120-берене «Вандализм» боюнча кармалган. Жеңиш монументи 1985-жылы тургузулган. Анын салтанаттуу ачылышы фашисттик Германияны жеңген Улуу Жеңиштин 40 жылдыгына карата болуп өткөн. Улуу мемориал ыраазылык билдирген мекендештерден эстелик катары курулган. Президент Садыр Жапаров жаштардын мындай жүрүм-турумуна абдан капа болгонун билдирген.


V.ЖАРНАМА

Фейсбуктун ага таандык платформалардагы (Фейсбук, Инстаграм, Audience Network жана Мессенжер) жарнамалар жөнүндө маалыматтарды сунуш кылган жарнамалык китепканасы (Ad Library) Кыргызстанда 2020-жылдын августунан тарта иштей баштады.

Ad Library маалыматы боюнча, акыркы үч айда (2021-жылдын 24-январынан 24-апрелине чейин) ар кандай катышуучулар 2,600 жарнамалык кулактандырууларды социалдык темаларда, шайлоолор же саясатбоюнча илгерилетишкен.12

Жарнама үчүн сарпталган жалпы сумма январдагы шайлоодо сарпталган каражаттардын суммасына караганда — учурдагы шайлоодо 30,000 доллардан кем эмес болуп,(2,600ге жакын жарнама) аз дегенде эки эсе жогору, январдагы шайлоо менен салыштырганда болжол менен 16,000 доллар (1,740га жакын жарнамага коротулган) болгон.

Бардыгы болуп 400 акторлор Фейсбукка тиешелүү платформаларда жарнамаларды колдонушуп, алардын ичинен 48нин ар бири 100 АКШ долларындай сарптаган.

Акы төлөнө турган жарнаманы пайдаланган ар кандай субьектилердин ичинен эң эле көп чыгымдар саясий партияларга тиешелүү; алардын чыгымдаган каражаттарына жараша тартиби мындай: «Эмгек», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Республика» жана «Ак Бата». Ушул беш партиянын ар бири 2,000 АКШ долларын короткон (болжол менен «Эмгек» партиясы 2,746 жана «Ак Бата» партиясы 2,066).13

Жарнамалык кулактандыруулардын эң эле көп санын – 187ни НДПК сатып алган, аларга 1,450 АКШ долларынан азыраак сарптаган.

MEMO 98

Эл аралык деңгээлде таанылган, көз карандысыз жана коммерциялык эмес адистештирилген медиа мекеме, медиа мониторинг, изилдөө жана жарандык коомдун топторуна жардам берүү боюнча 22 жылдык тажрыйбасы бар. Далилденген жана бекитилген методологияларды жана инструменттерди колдонуп, биз, айрыкча шайлоо учурунда сезилээрлик натыйжаларга ээ болгон ЖМК талдоолорду жана ЖМК мониторингин жүргүзүп келебиз. Шайлоолор боюнча 120дан ашык байкоочулар миссиясына жана 150гө жакын ЖМК жана шайлоого байланыштуу долбоорлорго, ошондой эле 55тен ашык өлкөлөрдө (Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде жана Балкан өлкөлөрүндө, ошондой эле Африка, Азия, Түштүк Америка жана Орто Азия), биздин эксперттер маалымат каражаттарына, шайлоо процесстерине жана башка демократиялык процесстерге жардам көрсөтүшөт.

Авторлор

Нургул Абдыкеримова, Медиа Өнүгүү Борбору

Нуржан Мусаева, Медиа Өнүгүү Борбору

Ivan Godársky, MEMO 98

Rasťo Kužel, MEMO 98

Marek Mračka, MEMO 98

Braňo Kohn, MEMO 98

Бул изилдөө Улуттук демократия фонду тарабынан каржыланган. Медиа Өнүгүү Борбору жана MEMO 98 бул басылмада айтылган фактылар же пикирлер үчүн же аларды кийинчерээк колдонуу үчүн жооп бербейт. Буга бир гана басылманын авторлору жооптуу.

© Медиа Өнүгүү Борбору, MEMO 98, 2021

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты