Депутат Самат Ибраевдин үй-бүлөсүнө таандык фирмалар, курулуш компаниялар жана кымбат баалуу унаалар

Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин ысымы акыркы күндөрү жаңылыктардын сап башында болууда. Социалдык тармактарда анын жубайы Нуржан Иманкулова Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасынын жетекчиси жана бир нече компаниянын негиздөөчүсү экени айтылууда.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Нуржан Иманкулова деген ким?

Нуржан Иманкулова Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында окутуучу болуп төрт жыл эмгектенген жана ошол эле учурда “Саякбай манасчы” эл аралык коомдук фондунун китепканасынын директору кызматын аркалаган. Мындан тышкары, ал “Саякбай”, “Легенда”, “Сулайман тоо”, “Баатыр”, “Үркүн”, “Бүкүр” көркөм тасмаларынын продюсери болгон.

Иманкулова республиканын маданиятына кошкон олуттуу салымы үчүн Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси, КР ЖКнын Ардак грамотасы, кыргыз тасмасынын отличниги наамы менен сыйланган. 2021 -жылдын 11 -майында ал Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору болуп дайындалган.

Кымбат баалуу унаалар жана фирмалар

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Иманкулова Строймир» жана «С-Трэвел» компанияларынын негиздөөчүсү. Ал бул ЖЧКларга университетте жана “Саякбай манасчы” эл аралык коомдук фондунун китепканасынын директору болуп турган мезгилде ээлик кылган.

Ал социалдык тармактардагы өзүнүн эски баракчасында чет өлкөдө эс алып аткан сүрөттөрү жана кымбат баалуу унаанын жанында түшкөн сүрөттөрү менен бөлүшкөн.

Иманкулованын виртуалдык досторунун арасынан Самат Ибраев менен анын уулу Айбек Ибраевди, ошондой эле Самат Ибраевдин бир туугандары Жазгүл жана Эркингүлдү көрсө болот. Бул Нуржан Иманкулова Самат Ибраевдин жубайы экенинен кыйыр түрдө кабар берет. Мындан тышкары, бул маалыматты биздин өздүк булактар да тастыктады.

Депутат Самат Ибраевдин үй-бүлөсүнө таандык фирмалар, курулуш компаниялар жана кымбат баалуу унаалар

Ишкерлердин үй-бүлөсү

Саматбек Ибраев «Стройцентр» компаниясынын жана «Ибрай» дыйкан чарбасынын негиздөөчүсү. Мындан тышкары ал Нуржан Иманкулова жетектеген «Саякбай манасчы» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү.

Самат Ибраевдин уулу Айбек Ибраев «Аддас Консалтинг» жана «Телегей Компани» компанияларына ээлик кылат.

Депутат Самат Ибраевдин үй-бүлөсүнө таандык фирмалар, курулуш компаниялар жана кымбат баалуу унаалар

Ал эми экинчи уулу Данияр Ибраев Нуржан Иманкулова негиздеген «Строймир» ЖЧКсында башкы директор. Ал ири өлчөмдө алдамчылык боюнча жети ишке шектелүүдө. ИИМдин маалыматы боюнча, 2019 -жылы бир нече курулуш компаниялары милицияга кайрылган, алардын айтымында “Строймир” ЖЧКсынын башкы директору Данияр Ибраев бул компанияларга курулуш арматураларын берүүнү убада кылган, бирок чоң суммадагы акчаны алган соң, байланышын үзгөн.

Шаардык ички иштер башкармалыгы жалпы жонунан 507 миллион 352 миң 49 сом чыгым келтирилгенин жана кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде жети эпизод катталганын билдирет. Данияр Ибраевге карата козголгон кылмыш иши жабыла элек жана дагы эле тергелип жатат. Учурда ал эл аралык издөөдө.

Самат Ибраевдин бир тууганы Жазгүл Ибраевага «Илбирс Голд» жана «Металломир» аттуу эки компания катталган. Ал эми Эркингүл Ибраева «Эраметсервис» компаниясына ээлик кылат.

Депутат Самат Ибраевдин үй-бүлөсүнө таандык фирмалар, курулуш компаниялар жана кымбат баалуу унаалар

Салыктар

Самат Ибраев 2018-жылы тапшырган декларациясында жыл ичинде тапкан кирешеси 3.7 млн сомду түзгөнүн маалымдаган. Ал дээрлик 100 гектар жерге ээлик кылып, Lexus 570 үлгүсүндөгү унааны айдарын жана «Азат Нур Пэри» компаниясын жетектерин кабарлаган.

Белгилей кетсек, Ибраев 2018-жылга чейин ачылган компанияларын декларациясында көрсөткөн эмес.

Депутат Самат Ибраевдин үй-бүлөсүнө таандык фирмалар, курулуш компаниялар жана кымбат баалуу унаалар

Мындан тышкары, Ибраев жакын туугандарынын жыл ичиндеги кирешеси 12.5 млн сомду түзгөнүн жана алардын бир нече турак-жайы, административдик кыймылсыз мүлкү жана эс алуу үйлөрү бар экенин белгилеген. Ибраев ошондой эле жакын туугандарынын Lexus 570, 470, Toyota 200, Mercedes Benz Mb320, Mercedes Benz 180 үлгүсүндөгү унаалары бар экенин маалымдаган.

Жыйынтык: чындык. Нуржан Иманкулова Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин жубайы экени чын. Ал Улуттук китепкананы жетектейт жана бир нече компанияларга ээлик кылат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты