Бишкекте бүгүн түн ортосунан тартып жылуулук бериле баштайт

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын жашоочуларына 5-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим борбор калаанын күз-кышка даярдык көрүү боюнча штабынын отурумунда кабыл алынган. Ага ылайык, мэр Айбек Жунушалиев тиешелүү буйрукка кол койгон.

Маалыматка ылайык, объектилерге жылуулук жеткирүү бир нече күнгө созулат. Биринчи болуп мектеп, бала бакча, оорукана, төрөт үйү жана социалдык мекемелерге берилет. Экинчи кезекте турак жайлар, өндүрүш ишканалары жана мекемелер, жылуулукка карызы жок абоненттер, кышта иштөөгө шарттар түзүлгөнү тууралуу актысы бар объектилерге берилет.

Мэрия көп кабаттуу үйдө жашагандар жылуулук приборлорунун кранын ачып, ичине топтолуп калган абаны чыгарып салууну сунуштайт. Бул жылуулуктун тез жетишине шарт түзөрүн эскертет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты