«Инженер». Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин, СССР убагында ийгиликтүү иштеп келген бир топ завод жана фабрикалар талкаланып кеткен. Кээ бирлери гана тарыхый катаал мезгилде жоюлуп кетпей, талап-тоноодон калган техника менен азыркы күнгө чейин иштеп келет. Алардын бири Баткен облусундагы «Айдаркен сымап комбинаты». Биз бул жолу «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы» аттуу фотодолбоордо ушул комбинатта иштеген инженер Асан Насировдун бир күндүк жашоосу тууралуу айтып беребиз.

Айдаркенге сапар

Бишкек шаарынан дээрлик 826 километр узактыкта жайгашкан Айдаркен, өндүрүштүн шаары экени босогодон эле байкалат. Тоодой үйүлгөн топурактар жана алыстан көрүнгөн завод түтүгү Айдаркендин символу сыяктуу. Бул жерде СССР убагында «Великий рудник» деп аталган «Айдаркен сымап комбинаты» жайгашкан.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

«Айдаркен сымап комбинаты — 1941-жылы 16-июлда Элдик комиссариаттын (наркомат) чечими менен иштей баштаган. Эң алгачкы жылы комбинаттан 11,65 тонна сымап алынып, кийинчерээк өндүрүш көбөйтүлгөн. Тарыхый булактарда, экинчи дүйнөлүк согуш убагында Айдаркен сымап комбинаты чечүүчү ролдорду ойногон завод болгону айтылат. Анткени, СССРдеги сурьма боюнча бардык резервдердин 100 пайызы, ал эми сымаптын 50 пайызы Айдаркендеги комбинаттан алынып турган.

Тарых жана география китептеринде байма-бай калемге алынган Айдаркен сымап комбинаты алыстан күрүлдөп иштеп жаткан чоң завод сыяктуу көрүнөт. Бирок жакындап келгенде, эскилиги жеткен техника жана дат баскан темирлер «Бул завод 100 жыл мурда кароосуз калган окшойт» деген ойго түртөт.

Ошондуктан Айдаркендиктер комбинат мурдагындан да дүркүрөп өнүккөн ишкана болоруна ишенишет.

«Жер астындагы жумуш»

Комбинатта иштегендердин дээрлик баары Айдаркен шаарынын тургундары. Алар күн сайын саат 8:30да чогулуп, жумушка жөнөшөт.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

24 сааттын 6 саатын жер астында өткөргөн жумушчулардын иш күнү алар келээри менен башталат.

Миңдеген тонна рудасы бар сымап шахтасына түшүү үчүн атайын лифт коюлган. Зуулдаган лифттин үнү барган сайын жогорулап отуруп 300 метр тереңдикте гана токтойт.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)
"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

20-30 жылдан бери комбинатта иштеген шахтерлор кадимки «троллейбуста» бараткан сыяктуу ар кандай кептерден сөз кылып отурушуп 3-4 мүнөттө белгиленген жерге жетишет.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)
"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)
"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Шахтанын ичи суук. Кээ бир жерде тамчылаган суунун үнү угулуп, ным аралашкан жыт дароо мурунга урунат. Жумушчулардын келиши менен гана бул жердеги жымжырттык бузулуп иш жандана баштайт.

Алдыдагы узун иш күнү тыкыр талданып, тиешелүү тапшырмалар берилген соң гана баары өз жумушуна киришишет.

«Бул жерде, жалаң патриоттор калдык…»

Асан Насиров 2001-жылдан бери «Айдаркен сымап комбинатында» иштейт. Тоо-кен тармагында окуусун бүтүргөн соң туулуп өскөн шаары Айдаркенге келип, комбинатта инженер болуп иштей баштаган. Асандын айтымында анын атасы жана чоң атасы да бул комбинатта иштешкен.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Асан өзү ачык айрым киши. Бирок, жумуш убагында шахтадагы чексиз лабиринттерди карап ойлонуп калмай жайы бар. Ал комбинаттын эртеңкиси кең экенине ишенет. Жалгыз кейигени жаштардын бул тармакка кызыкпай, көбү башка жактарга кетип жатканы экенин айтат:

«Менин оюмча комбинаттын келечеги кең. Азыр жаңы техникалар келип, баары өз жолуна түшө баштады. Чынын айтканда бул жерде өз ишин сүйгөн патриоттор гана калды десем болот. Көпчүлүгү 25-30 жылдан бери иштеп келе жатышат. Ал эми жаштар бул тармакка кызыкпай көбү Россияга кетип калышты. Жалгыз өкүнгөнүм ошо.»

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Асан инженер катары, жумушчуларды жана иш процесин көзөмөлдөп турат. Бизге шахтанын ичин көрсөтүп жатып, бир жагынан суроолорубузга да тажабай жооп берип жатты. Кызыгы, Асан өзү да буга чейин Россияда мигрант болуп иштеп келген. Бирок, үй-бүлөсүнөн алыста болгусу келбей кайра келип комбинатка ишке кирүүнү чечкен:

«Россияда мигрант болуп да көрдүм. Бирок, өзүбүздүн жерде ушундай комбинат турса эмнеге башка жакта жүрөм? деп ойлонуп келе бергем. Азыр 3 балам бар. Жубайым мугалим. Үй-бүлөмүн жанында иштеп, айлыгыма аларды багам.»

Ал убакта, руданы казуу иштери кызып, шахтанын ичи күрүлдөгөн техниканын үнүнөн жаңырып турду.

Комбинаттын кире беришинен руда казылган жерге чейин болжол менен 700-900 метр басуу керек.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Аралык жакындай сезилгени менен жетүү бир топ эле оор.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)
"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Комбинаттын эң бийик жеринде кенге бай руда казылат. Ал үчүн атайын станок колдонулуп кээде динамит менен жардырылат.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)
"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)
"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Иш учурунда угуу жөндөмүнөн ажырап калбоо үчүн жумушчулар кулактарына «пахта» салып алып иштешет. Ал эми жарыктын бирден-бир булагы каскадагы фонариктер.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

«Негизинен казылып алынган рудалардан, сурьма, сымап жана флюрит алынат. Адистердин айтымында, сымап комбинатында дагы кеминде 50 жылга жете турган запас бар.»

300 метрдеги түшкү тамак

Саат 12:00 дөн өткөндө жумушчулар тамактануу үчүн чогулушат.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Сыртка чыгуу үчүн убакыт керектелгендиктен, жумушчулар иш жеринде эле тамактанып көнүшкөн. Түшкү тамактан кийин кайрадан жумуш күчөп, казылып алынган рудаларды сыртка чыгаруу башталат.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)
"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)
"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Күжүрмөн мээнеттин аркасында казылып алынган рудалар комбинатта тазаланып, ээритип чыгарылат.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)
"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Сымап куюлган бир балон 34 килограм болуп, баасы 1500 доллардан жогору болот. Сымапты Индия, Россия, Кытай сыяктуу өлкөлөр аскердик жана башка максаттар үчүн сатып алып турушат. Ал эми сурьманын тоннасы 7 миң доллардан жогору.

Дээрлик алты саатка созулган жумуш күнү түшкү саат 14:00дө аяктайт. Бул убакта инженер Асан Насиров баштаган жумушчулар шахтадан чыгып, экинчи нөөмөттөгүлөр киришет.

"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)
"Инженер". Жер астындагы жумуш (Фоторепортаж)

Комбинатта иштегендердин баары, мээнети күч жумушка карабай балдарынын жана үй-бүлөлөрүнүн жанында, ак эмгек менен нан таап жаткандарына кубанышат.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты