Ош облусунда жер титиреди
- 3 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 3-октябрда, саат 02:46да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү