​Чак түштө зордукталган Жасминага пробоно адвокаттар бекер жардам көрсөтүп жатышат

Өзгөн районунун тургуну 12 жаштагы Жасминаны (Аты-жөнү өзгөртүлдү) 39 жаштагы үйбүлөлүү Нурлан (Аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу жаран алдап, кичинелигинен пайдаланып, чаламандын чак түшүндө ыплас аракеттерин ишке ашырып, оор формада зордуктаган.

Ал гана эмес бул ыплас аракеттерин телефонуна тартып алып, эгерде айтканын кылбаса ошол видеону интернетке жарыялап жиберерин, кыздын ата-энесин, бир туугандарын өлтүрүп кетерин айтып шантаж кылып, өзү менен чогуу алып жүргөн.

Дүкөнгө кирип секелек кызды мажбурлап спирт ичимдигин оозуна куюп жатканда дүкөндүн сатуучусу байкап калып, “Эмнеге жаш кыздын оозуна спирттик ичимдикти куюп жатасың?” деп ал зөөкүр менен мушташа кеткен. Кыз ал учурдан пайдаланып, дүкөндүн ичине кире качып, башка сатуучуларга болгон окуяны айтып берип, жардам сурап кайрылган.

Дүкөн кызматкерлери дароо милицияны чакырып, зөөкүрдү салып беришкен.

Кыздын ата-энеси колунда жок үйбүлө болгондуктан, адвокат жалдаганга дагы каражаты болгон эмес. Кыздын ата-энесини окуяны адвокат Дилрабо Абакджановага айтып берип, адвокат жалдаганга каражаттары жок экенин, колунда жок экенин билген милиция кызматкерлери дагы жакшы карабай жатканын айтып ыйлайт. Бул окуяны угары менен Дилрабо Абакджанова кызга пробоно адвокат карары, бекер жардам берүүгө даяр экенин айтат.

Сүрөттө пробоно адвокат Дилрабо Абакджанова

“Про боно” латын тилинен которгондо, коомдун кызыкчылыгы үчүн бекер жардам көрсөтүү дегенди түшүндүрөт. Дилрабо Абакджанова мүчө болгон Адвокаттарды окутуу борборунун адвокаттары зомбулукка кабылган аялдарга жана балдарга про-боно жардамдарын көрсөтүшөт. Бул долбоор ЕБ-БУУнун биргелешкен «Теӊдик нуру» Демилгесинин алкагында ишке ашып жатат.

Адвокат ошентип Жасминаны коргой баштаган.

Нурланга Кылмыш жана жаза кодексинин 162-беренесинин 4-бөлүмү боюнча “Жашы жете элек өспүрүмгө анын алсыздыгынан пайдаланып, оор формада сексуалдык зомбулук көрсөтүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, айып тагылган.

Иш сотко өтүп, биринчи процесс октябрь айынын башына дайындалган.

“Айыпталуучунун күнөөсүн далилдегенге далилдер жетиштүү. Биз аны өмүр бою эркинен ажыратууну сурайбыз соттон. Кыздын апасы менен тең жаран кичинекей кыздын алсыздыгынан пайдаланып, ушул аракеттерге барып жатат. Күндүз күнү жасап жатат. Мен бул кызды кордогон зөөкүр тийешелүү жазасын алмайынча бардык аракетимди жумшайм”, — дейт пробоно адвокат Дилрабо.

Жасминанын ата-энес көзүнө жаш алып Дилрабого ыраазычылыгын билдиришкен. “Биздин акчабыз жок болгондуктан, кандай болор экен деп абдан кабатыр болуп жаттык эле. Дилрабо эже жардам бере баштагандан тартып милиция кызматкерлеринин дагы мамилеси бизге өзгөрүп, ишти жакшы карай башташты. Кудай ыраазы болсун ушундай адвокаттарга!”, — деп алкыштарын айтып жатышат.

Дилрабо зомбулук көргөн жаш балдарга, аялдарга биринчи жолу мындай жардам көрсөтүп жаткан жок. Буга чейин дагы өз атасы зордуктоого аракет кылган кыздын кызыкчылыгын дагы коргоп чыккан. Атасын жоопко тартууга аракет кылып жатканда кыздын апасы сотко берүүгө каршы болуп, кызын чет өлкөгө чыгарып кеткен.

“Зомбулук иштери абдан көп. Мен күчүмдүн жетишинче бул багытта пробоно адвокат катары жардам көрсөткөндү токтотпойм”, — дейт Дилрабо Абакджанова.

Сиз дагы зомбулукка кабылып, юридикалык жардам керек болуп жаткан болсо төмөнкү координаттар боюнча кайрылсаңыз болот:

+996777669659, +996555669659 (Алика, Мира), email: [email protected]

#пробоно #зомбулуккажолжок

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты