Бишкекте эне-баланы маршруткага салбай кеткен айдоочу жумуштан алынды

  • 3 года мурун

Бишкекте эне-баланы маршруткага салбай кеткен айдоочу жумуштан алынды. Бул тууралуу шаардык милициянын Патрулдук кызматынын башкармалыгы билдирди.

Бүгүн эрте менен Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринин айдоочусу балалуу аялды коляскасы үчүн албай, түртүп салган видеосу соцтармактарда тараган.

Милициянын билдиргени боюнча, видео соцтармакка чыгары менен тартип сакчылары издөө иштерин жүргүзүп, видеодогу айдоочу Арча-Бешик — Дордой каттамы менен каттаган 203-маршруттук таксинин айдоочусу 36 жаштагы М. Б.экенин аныкташкан. М. Б. Ленин РИИБинин тергөө бөлүмүнө жеткирилип, сурак учурунда бир жыл мурун дагы ушундай окуяга туш болуп, андан жүргүнчүлөр жабыркаганын, жабыркагандарга компенсация төлөөгө туура келгенин айтып, жалпы коомчулуктан кечирим сураган.

Милициянын маалыматына караганда, бул айдоочу каттамдан четтетилип, жумуштан алынды. Андан аркы жоопкерчилигин Ленин райондук ИИБинин алгачкы тргөө бөлүмү карайт.

Мындан сырткары 203-маршруттук каттамдын биргадасы текшерүүгө алынып, техникалык бузуулары үчүн 2 протокол түзүлүп, 10 000 сом айып салынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты