Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

  • 3 года мурун

Кечээ, 29-сентябрда Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин билдиргенине караганда, жер титирөө саат 18:41де катталып, Кадамжай шаарында, Пульгон, Котур–Булак, Жийделик, Кызыл–Булак, Таш–Кыя айылдарында 3,5 балл, Кароол, Кара–Жыгач айылдарында 3 баллга жана Кызыл–Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты