​“ЕАЭБ”дин министрлери 18,9 миллион сомдук чучук жешти” (Фактчекинг)

27-сентябрь күнү “kaktus.media” маалымат агенттигинде «ЕАЭБдин премьер — министрлери бир күндө 18,9 миллион сомдук чучук жешти», — деген маалымат жарыяланган. Бул интернет тармагында кызуу талкууга алынып, көпчүлүгү акчанын кайсы багытка жумшалганына кызыгышкан.

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

19-20-августта Ысык-Көлдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык саммити болуп өткөн. Ага, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана коңшу өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышып, бир топ экономикалык жана социалдык маселелер талкууланган.

Мурадыл Мадаминов: “Элдер акчаны чимкирик депутаттар жеп кетишти деп айтышат…”

Аталган жыйын Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденцияда өткөрүлүп, мамлекеттик бюджеттен дээрлик 18 млн сомдон ашуун каражат сарпталган.

Бул тууралуу, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.

Ал эми, Жогорку Кеңештин депутаты Мурадыл Мадеминов бир күндүк саммитке эмне себептен мынча көп акча сарпталганына кызыккан:

“18 миллион сомду 5 премьер-министр бир күндө эле жеп туруп кетип калдыбы? Эмне чыгым болду, баарын бизге тактап көрсөткүлө. Биз дагы элге отчет беребиз. Элге чыксаң эле депутаттар күнөөлүү. Биз жеп жатабыз, “чимкирикпиз”, “монстрбыз” элдин көзүндө. Акча силерде да Министрлер Кабинети! Бул тууралуу элге толук түшүндүрмө бергиле!”- деп билдирген Мадеминов.

Бирок азырынча экономика министрлиги 18,9 миллион сом акча кайсы багытта коротулганы тууралуу так маалымат бере элек. Министрликтин басма сөз кызматы да бул тууралуу азырынча маалымат жок экенин жана отчеттор жарыяланбаганын билдиришти.

Мындан сырткары, чыгымдар тууралуу маалымат мамлекеттик ачык бюджет (https://budget.okmot.kg/ru) жана сатып алуулар сайтына (http://zakupki.gov.kg/popp/) да жарыяланган эмес.

Мамлекеттик №-2 резиденциянын баалары миллиондук эмес

Жогоруда белгиленгендей азыркы убакта, 18,9 миллион сом акча кандай колдонулганы тууралуу маалымат жок.

Бирок биз мамлекеттик резиденциялардагы жыйын залдарынын жана жалпы баалары тууралуу издеп көрдүк.

2017-жылдагы маалыматка ылайык, мамлекеттик 2-резиденциядагы жыйын залдар чоңдугуна жараша 7000 сомдон 12000 сомго чейин болгон.

Ал эми мамлекеттик №1 “Ала-Арча” резиденциясында 40 кишилик жыйын залы бир күнгө 14 миң 469 сомду түзөт.

Башкача айтканда, мамлекеттик резиденциялардагы жыйын залдарынын баасы өтө жогору эмес.

Ал эми, №2 резиденциянын официалдуу сайтында 2 адамдык люкс номерлер 5500 сом экени, көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Чолпон-Атага келген делегациялардын курамында канча киши болгону жана кандай номерлерде калганы белгисиз болгондуктан, так эсепти айтуу мүмкүн эмес.

Мамлекеттик №2 резиденцияга коротулган 112 миллион сом

Буга чейин 26-июлда Чолпон-Ата шаарындагы №2 мамлекеттик резиденциясындагы конференц-залды курууга 112 миллион сом бөлүнгөнү белгилүү болгон. Бул тууралуу, Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында айтылган.

Экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков аталган жыйын залын курууга Россия 44,5 миллион сом бөлгөнүн ал эми калганы, мамлекеттик бюджеттен коротулуп жатканын билдирген. Бул акча каражатына телекоммуникациялык жабдуулар жана видеобайкоо каражаттары сатып алынаары белгиленген.

Жалпы жонунан, Чолпон-Ата шаарындагы № 2 мамлекеттик резиденциядагы залды курууга жана ЕАЭБдин премьер-министрлеринин жолугушуусун уюштурууга бюджеттен 87 миллион сомго жакын каражат жумшалган.

Жыйынтык: ЕАЭБдин саммити бир күн эмес 19-20-август күндөрү эки күн болгон. Ал эми саммитти уюштурууга коротулган 18,9 миллион сом кандай максатта колдонулганы азырынча белгисиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты