Тажик күч органдары кармап кеткен кыргыз жаранын кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

  • 3 года мурун

Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 26 жаштагы Кыргызстандын жараны Уразбек Мирзоевди кармап кетти. Бул туурасында Чек ара кызматынан кабарлашты.

Алдын ала маалыматка ылайык, Жаштык айылынын тургуну кечээ, 26-сентябрда, жубайы экөө Тажикстандын маршруттук таксиси менен Жийделик айылына бара жатканда Худжанд — Канибадам жолунан кармалган.

Мирзоевдин кармалганы тууралуу жубайы Кыргызстандын чек арачыларына кабарлаган.

Бүгүн Кыргызстандын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча өкүлү менен тажик тараптын Согди облусундагы өкүлү жолугары пландалган. Анда жарандын кармалышынын мыйзамдуулугу жана аны кыргыз тарапка өткөрүп берүү маселеси каралат.

Сүрөт: Интернеттен алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты