«Талибан» Тажикстанды Ооганстандын ички ишине кийлигишүүдө деп айыптады

  • 3 года мурун

«Талибан»* Тажикстанды Ооганстандын ички ишине кийлигишип жатат деп айыптады. Бул тууралуу Ооганстандын жаңы өкмөтүнүн премьер-министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар Al-Jazeera телеканалына берген маегинде билдиргенин «РИА Новости» агенттиги жазды.

«Тажикстан биздин иштерге кийлигишип жатат, ар бир ишке каршы аракет бар», — деп билдирген Барадар.

25-сентябрда талибдер Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан Тахар провинциясына атайын даярдыктагы 1000 аскерди жөнөтүшкөнүн жарыялашкан.

Ушул жылдын август айында талибдер ооган өкмөтүнө каршы ыкчам чабуул коюп, Ооганстандын бардык аймактарын басып алган. 15-августта өлкөнүн баш калаасы Кабулду ээлеп алган соң 20 жылга созулган согуш аяктаганын жарыялашкан.

Андан соң талибдер Мохаммед Хасан Ахунд башында турган убактылуу өкмөттү курушкан.

Расмий Дүйшөмбү «эзүү жолу менен куралган» бир дагы өкмөттү тааныбай тургандыгын билдирген. Президент Эмомали Рахмон бардык улуттук азчылыктар, анын ичинде тажиктер камтылган инклюзивдүү өкмөт курууну талап кылган.

* Кыргызстанда тыюу салынган террордук уюм

Сүрөт: Al-Jazeera телеканалынын сайты

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты