«Ак илбирсти сактайлы!» урааны алдында эл аралык марафон өттү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 26-сентябрда, Бишкек шаарында “Ак илбирсти сактайлы!” аттуу эл аралык марафон өткөрүлдү.

Анда каалоочулар 1, 3, 14 жана 21,1 чакырымга чуркашты. Марафонду NomadSport коомдук уюму уюштурду.

21, 1 чакырымга чуркоонун байге фонду эл аралык “Ак илбирсти сактайлы!” фондунун атынан 200 миң сом болду.

(Марафондон уюштуруучулардын түз эфири https://www.facebook.com/nomadsportkg)

Биринчи жолу эл аралык мындай марафон 2019-жылы жылы өткөрүлгөн.

Ак илбирс эл аралык жана Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты