​Тажик тарап кармап кеткен кыргызстандык эки окуучу кое берилди

  • 3 года мурун

Тажикстанга белгисиз кишилер алып кирип кеткен кыргызстандык эки мектеп окуучусу мекенине кайтарылды.

Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 24-сентябрда маалымат таратты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөргө Баткен жана Согди облусунун башчылары, чек ара кызматтарынын аймактагы жетекчилери катышты.

Лейлек районунун Жаштык айылынын 16 жаштагы эки тургунун жана Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Тажикстан тараптан келген белгисиз кишилер 23-сентябрда алып кетишкен.

УКМКнын баштапкы маалыматына ылайык, өспүрүмдөр шарттуу чек ара тилкесинде аткезчилердин жүгүн автоунаага жүктөөгө жардам берип жатышкан.

УКМК өспүрүмдөрдү кармап кетүүгө Тажикстандын күч органдарынын катышы бар-жогу такталып жатканын билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында, Баткен районунда буга чейин мектеп окуучулары чырдаша кеткен. Анын натыйжасында кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты