ТИМ Индияда киши колдуу болгон кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча маалымат берди

  • 3 года мурун

Тышкы иштер министрлиги Индиянын Нью-Дели шаарында киши колдуу болгон кыргызстандык М.Ж. жана уулу М.Ч.нын өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты.

“Тергөөнүн маалыматы боюнча, келин курбусунун үйүндө 21-сентябрга караган түнү киши колдуу болгон. Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп, полиция кылмыш ишин козгоду. Шектүүлөр суракка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтин билдиргенине караганда, келиндин Индиядагы туугандары уулу экөөнүн тең сөөгүн Кыргызстанга коюуга макулдугун беришкен.

Элчилик бул ишти өз көзөмөлүнө алып, учурда сөөктөрдү Кыргызстанга алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Эске сала кетсек, кечээ, 22-сентябрда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында Нью-Дели шаарында 28 жаштагы кыргызстандык кош бойлуу келиндин бир жашар уулу менен киши колдуу болуп каза болгону тууралуу маалымат тараган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты