Ош облусунда жер титиреди
- 3 года мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21- сентябрь күнү саат 22:54тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кара-Суу районунун Социализм жана Өзгөн районунун Куршап,Курбу-Таш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
19-сентябрь күнү Ош облусунун аймагында эки ирет жер титиреген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү