Министрлик тажикстандык студенттердин маселеси боюнча түшүндүрмө берди

  • 3 года мурун

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Тажикстандын жарандарынын маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстанда окуп жаткан, окууга тапшырган жана окутуучу, мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандарына байланыштуу Министрлер кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыкты.

Аталган буйрук тажик жарандарына, анын ичинде этникалык кыргыздарга Кыргызстандын аймагына кирүүгө жана өлкө ичинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Маалыматта ушул тапта буйруктун долбоору тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып жатканы айтылган. Министрлик Тажикстанга бул тууралуу маалымат берилгенин кошумчалады.

2020-2021-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны билим алган.

Кечээ, 20-сентябрда Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган 100дөн ашуун тажик студенттерине Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканы белгилүү болгон.

Кыргызстан быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу жаңжалдан кийин кыргыз-тажик чек арасын бир тараптуу жапкан. Анда кыргыз бийлиги чек ара Тажикстан менен чек ара маселеси чечилмейинче жабык болорун билдирген.

Быйыл кыргыз-тажик чек арасында28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. Мындан тышкары дагы 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты