​Суунун булганышы: Жоопкерчиликтин төмөндүгү өтө кымбатка турууда

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2019-жылы суунун булганышы үчүн төлөмдөрдөн түшкөн киреше 737,9 миң сомду түзгөн, бул болжол менен 9 миң доллар. Эгер дарыянын пайда болуу зоналарындагы тоо-кен компанияларынын ишине тыкыр көз салсак, суунун баасы жана баркы тууралуу маселе такыр башка мааниге ээ болот.

Кызыкчылыктардын кагылышы

Тоо-кен тармагын, тактап айтканда, алтындын чалгындалган запастары 430 тоннаны түзгөн өлкөдө, алтын казып алуу тармагын өнүктүрүү приоритеттүү милдеттердин бири болуп саналат.

http://www.gkpen.kg/index.php/home1212-10 (бюджеттин долбооруна түшүндүрмө кат …)

Бирок бул экологиялык коопсуздук маселелерин жаратат, бул, албетте, кен казуучу компаниялар менен жергиликтүү тургундардын тирешүүсүнө алып келет.

Борбордук Азиянын Евразия Фондунун эксперттери республиканын 8 районунда тоо -кен өндүрүшүнүн таасирин изилдеп, элдин тоо-кен компанияларына нааразычылыгынын негизги себеби, жергиликтүү тургундардын ишканаларга дооматтарын артуу эмес, экология үчүн кам көрүү болуп эсептелинет, (респонденттердин 60% дан ашыгы ушундай жооп беришкен).

Суу: Кооптонуунун себептери

Өнөр жай ишканалары тарабынан суунун булганышынын 37ден ашык фактылары https://ecomap.kg/картада көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2015-2019-жылдар аралыгында суунун булганышына байланышкан укук бузуулардын саны төмөндөгүдөй:

Жылдар

Бузуулардын саны /сууларды булгагандар, бирдиктер

Айып салынган, миң сом

Чогулган доомат, миң сом

2015

198

537,5

358,4

2016

154

525,5

497,5

2017

101

420,8

470,8

2018

100

732,9

370,4

2019

46

561,1

737,9

Таблицага ылайык, 2015 -жылдан бери аныкталган мыйзам бузуулардын саны туруктуу төмөндөшү байкалган. Бирок, эгер кагаз жүзүндө бардык фактылар кургак сандардын артында кала берсе, анда ар-кайсы жердеги чыр-чатактар неге тутанууда деген суроо туулат.

Ошол эле учурда тоо-кен компаниялары тарабынан булгануу фактылары эң чуулгандуу болуп жатат. Адамдардын негизги көйгөйлөрү суунун зыяндуу реагенттер менен булганышы, жер титирөө, суу ташкыны жана башка учурда сактоочу жайлардан зыяндуу калдыктардын агып чыгышы менен байланышкан. Ал эми кырдаалды жалпысынан ала турган болсок, тазаланбаган жашылчаларды тонналаган шлактарга алмаштыруу келечеги тургундардын тынчсыздануусун жаратат, ал эми бул «айлана-чөйрөнү булгаган компаниялардын жазасыз калуусу» менен ого бетер курчуйт.

Журналисттик иликтөөнүн алкагында мен Чаткалга жөнөдүм. Дал ушул жерде тоо-кен компаниялары иштейт, так ушул жерде региондун экологиясына коркунуч келтирүүчү рекультивацияланбаган объекттер калган, так ушул жерде экологиялык көйгөйлөргө байланышкан чыр -чатактар бир тутанып, бир басаңдап келүүдө.

Чаткал: Кечээ, бүгүн, а эртеңчи?

Терек-Сай айылы. Ажайып тоолордун этегинде жайгашкан жарашыктуу үйлөр; шар аккан, кенен, тунук тоо дарыясы бул кооз жерде шаардын ызы-чуусу алыста калып, табияттын тазалыгы сакталып калгандай. Бирок, бул үстүртөн көрүнгөн гана таасир. Бул чөлкөмдө көп жылдан бери экологиялык коопсуздукка байланышкан чыр-чатактар улам күчөп, кайра басаңдап келүүдө. Акыркы булгануунун бири үстүбүздөгү жылдын январь айында болгон, анда алтын казуучу ишкананын тундурмасынын бузулушунун натыйжасында Терек-Сай дарыясына 30 куб метрге жакын өндүрүш калдыктары куюлган.

Дагы жакшы, социалдык тармактын, чөнтөк телефондордун аркасы менен окуялар тез арада элге тарап, белгилүү болууда.

Тармакта видео пайда болгон, анда жергиликтүү тургундардын айтымында, компания сууну булгап, дарыяга жаман суюктукту төгүп жатат.

Терек-Сайдагы экологиялык кырсык. Жергиликтүү тургундар аткаминерлерден жардам сурашат.

Терек-сай айылында мен жолуккандардын дээрлик баары камера аркылуу сүйлөшүүдөн баш тартышты. Анткени, иш жүзүндө ар бир үй-бүлөдө кимдир — бирөө тигил же бул алтын казуучу компанияда иштеп, акча табышат.

«Баарыбыздын баш оорутмайларыбыз башталышы мүмкүн» дешет алар. Ошондуктан анонимдүү интервью берүүгө гана макул болушту. Жергиликтүү тургундун аудиосу

Суу үлгүлөрү

Чынында эле тоо-кен компаниялары дарыяны булгап жатышабы?

Анда эмесе, Терек-Сайдын мисалын алып көрөлү, сууну булгаганын аныкташ үчүн текшерүүдөн өткөрөлү. Мен мамлекеттик жана көз карандысыз лабораторияларга тапшыруу үчүн үлгүлөрдү эки жерден – айылдын башынан жана орто ченинен анализ үчүн суу алдым.


Ишенсең да текшер

Мен суунун сапатын гана эмес, мамлекеттик жана көз карандысыз лабораториялардын дараметтеринин айырмасын да текшергим келди.

Эки лаборатория үчүн суунун үлгүлөрү бир эле жерден жана бир эле убакта алынган.

Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Курчап турган чөйрөнү көзөмөлдөө департаментинин лабораториясынын анализинин жыйынтыктары:

Мамлекеттик лаборатория суунун 10 параметрин аныктады.

Анализдин жыйынтыгы боюнча сууда ЧАК (ченемден ашпаган концентрация) ашкан эмес.

Анализдин жыйынтыктары фотослайд түрүндө.

​Суунун булганышы: Жоопкерчиликтин төмөндүгү өтө кымбатка турууда

​Суунун булганышы: Жоопкерчиликтин төмөндүгү өтө кымбатка турууда

​Суунун булганышы: Жоопкерчиликтин төмөндүгү өтө кымбатка турууда

​Суунун булганышы: Жоопкерчиликтин төмөндүгү өтө кымбатка турууда

Көз карандысыз лаборатория Алекс Стюард суунун 36 параметрин чыгарды.

Бул анализдин маалыматтарына ылайык, сууда ЧАК мында да ашкан эмес.

Анализдин жыйынтыктары фотослайд түрүндө.

​Суунун булганышы: Жоопкерчиликтин төмөндүгү өтө кымбатка турууда

​Суунун булганышы: Жоопкерчиликтин төмөндүгү өтө кымбатка турууда

Эки лабораториянын анализинин жыйынтыгы боюнча суунун курамында ЧАК ашыкча эмес. Суу гигиеналык стандартка жооп берет. (Ичүүчү жана маданий пайдалануу үчүн суу объекттеринин сууларында химиялык заттардын уруксат берилген максималдуу концентрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016 -жылдын 11 -апрелиндеги № 201 токтому)

Чектелген эко мониторинг

Рекультивация, экология жана өнөр жай коопсуздугу боюнча эксперт Гүлжан Махмудова, айлана чөйрөнү булгоо боюнча жер үстүндөгү жана жер астындагы суу объектилерин гана изилдөө жүргүзүү менен, чындыкка жакындаган ишенимдүү жана объективдүү толук картинаны алуу мүмкүн эместигин маалымдайт.

«Эгерде биз жакынкы дарыялар же агын суулар жөнүндө гана сөз кыла турган болсок, анда суунун өзгөрүү касиетин түшүнө билүү керек, бул агымга жана сууну керектөөнүн көлөмүнө байланышкан, мындан тышкары мезгилдин таасири (жай же кыш), жаан-чачын жана башка көптөгөн факторлор маанилүү ролду ойнойт. Мына ушулар зыяндуу жана уулуу химиялык заттардын бар экендигин тактоодо, жогорку сапаттагы лабораториялык анализдер үчүн үлгүлөрдү тандоодо, сөзсүз эске алынышы керек. Толук жана реалдуу картинаны алуу үчүн суунун (жер үстүндөгү жана жер астындагы) түбүндөгү чөкмөлөрдү, жээк зоналарын системалуу жана комплекстүү анализдерин жана мониторингин жүргүзүү керек, ошондой эле бул аймактын флорасын жана фаунасын, кыртыштын абалын изилдөө өтө маанилүү», — деди ал.

Экологдун айтымында, эффективдүү аналитикалык лабораториялык изилдөөлөрдү жана мониторинг системаларын жүргүзүү үчүн мамлекеттик лабораториялар толук кайра жабдууга жана жаңы аппаратуралар менен толук камсыз болгонго өтө муктаж жана буга олуттуу мамиле кылуу керек.

Жарандык эко-активисттер, ошондой эле жеке компаниялар, айлана-чөйрөгө сапаттуу анализдерди жана көз карандысыз мониторингдерди жүргүзүү үчүн чоң финансылык каражаттарды талап кылаарын түшүнүү өтө маанилүү, мында жаңы лабораторияларды гана эмес, квалификациялуу адистерди жана эксперттерди да камтыйт.

Көзөмөлдү күчөтүп, сапатка көңүл буруу маанилүү!

Гүлжан Махмудова «иштеп жаткан лабораториялардын мүмкүнчүлүктөрү чектелгени» жөнүндө айтат. «Көптөгөн лабораториялар моралдык жана техникалык жактан эскирген. Мен жогорку квалификациядагы кызматкерлер иштеген аналитикалык жана изилдөө лабораториялары ар бир аймакта болушун каалайт элем — мыкты химиктер, биологдор, лаборанттар, үлгүлөргө сапаттуу анализдерди жүргүзүшмөк жана жеткиликтүү режимде ишенимдүү тыянактарды беришмек”, — дейт ал.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миң гектардан ашык рекультивация этилбеген жерлер бар. Айдалбай жаткан жерлердин коркунучу чоң жана кооптуу, бул айдоо аянттары өтө зыяндуу химиялык заттар менен булганып калышы мүмкүн экенин түшүнүү маанилүү, бул бүтүндөй бир аймактын же чөлкөмдүн экосистемасына коркунуч туудурат. Мындан тышкары, топурактын сапаты бүтүндөй экосистемага таасирин тийгизет, бул болсо булганган топурак, кыртыштар гана эмес, ошондой эле суулар, өсүмдүктөр ж.б.у.с. Мунун баары конкреттүү ишке байланыштуу, сценарийлер башкача болушу мүмкүн, баарын текшерүү керек. Бирок лабораториялык изилдөөлөрсүз деле баары ачык көрүнүп турган учурлар көп.

«Кен казуунун ар бир түрү боюнча рекультивация иштеринин бардык этаптарын так жазуу менен, рекультивация үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле рекультивациядан кийинки жерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү механизмин так бөлүштүрүү керек. Ошондой эле жер казынасын пайдалануу объектилерине гана эмес, жалпы эле жерлерге рекультивация боюнча ченемдик-укуктук актыларды кайра карап чыгуу зарыл. Учурдагы жобо жалпыланган түрдө жазылган, анда конкреттүү этап-этабы менен рекультивациялык аракеттер камтылган эмес. Алгачкы кадамдардын бири рекультивация боюнча нормативдик базаны өркүндөтүү болмокчу », — деди эксперт.

Ким төлөйт?

Бүгүнкү күндө жеке компаниялар бардык лабораториялык изилдөөлөрдү жана анализдерди өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүшөт. Бирок эксперттер эл аралык экологиялык стандарттарды киргизүү керек деп эсептешет.

«Эл аралык экологиялык стандарттарды, биринчи кезекте, Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм тарабынан иштелип чыккан ISO 14000 стандарттарын киргизүү талап кылынат. Бул сериядагы стандарттар ишканаларга калдыктардын жеке нормаларын эмес, экологиялык менеджменттик башкарууну ишке ашырууга багытталган. Стандарттар ыктыярдуу болуп саналат жана ошондуктан компаниялар тарабынан өз каалоосу боюнча колдонулушу мүмкүн. Кыргызстанда бир дагы ишкана ISO 14001 жана EMAS стандарттарына ылайык шайкештиги тастыкталган эмес ”, — деп айтылат тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча документтин долбоорунда.

Азыркы эсепсиз калаймандардын, экологиялык зыяндардын ордун, албетте, келечек муундар толтурат, бирок, өзүлөрүнүн чөнтөгүнөн жана ден соолуктарынын эсебинен.

Материал “Сорос-Кыргызстан” фондусунун колдоосу менен “Журналисттик иликтөөлөр фонду” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аймактарда иликтөө журналистикасын өнүктүрүү жана күчтондурүү» долбоорунун алкагында даярдалган.

Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот.

Бул материалдын мазмуну (журналисттин же уюмдун аты) жоопкерчилигинде жана “Журналисттик иликтөөлөр фонду” коомдук фондусу менен “Сорос-Кыргызстан” фондусунун көз карашын чагылдырбайт.

Максат Осмоналиев

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр