Динара Кемелова Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Динара Кемелова Кыргызстандын Вьетнам Социалисттик Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Аны менен бирге ал Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын дагы айкалыштырып алып кетет. Тиешелүү жарлыкка кечээ, 15-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койду.

Динара Кемелова 1971-жылы 24-июлда төрөлгөн. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.

2019-жылдын январынан бери Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси кызматын аркалап келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты