Инисинин өлүмүнө шектелип кармалган өспүрүмгө карата соттун өкүмү чыкты

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту инисинин өлүмүнө шектелип кармалган С.у.Ага карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренесинин 2-бөлүмү (Аффект абалында киши өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин билдиргенине караганда, өспүрүм Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесине (Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) ылайык, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен үч жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулган.

Окуя ушул жылдын 17-мартында борбор калаанын Мурас-Ордо жаңы конушунда болгон. Жергиликтүү тургундардын бири жумуштан кайтып келген соң 13 жаштагы уулунун моюнунан, ичинен жаракат алып жатканын көргөн. Маркум талма оорусунан жабыркагандыктан, жанында дайыма жакындары карап турган. Окуя болгон күнү ал 16 жаштагы агасы менен үйдө калган. Бирок апасы жумуштан кайтып келгенде улуу баласы үйдө жок болуп чыккан.

Милиция кызматкерлери аны «Бишкек» ЭЭЗинин жанындагы камышта жашынып жүргөн жеринен кармап келишкен. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 113-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча сотко чейинки иликтөө башталган.

Тергөө учурунда ал иниси экөөнүн ортосунда кайым айтышуу болгонун айтып, кылмышты мойнуна алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты