Тажикстандын УКМК тарабынан кармалган кыргызстандык үй камагына чыкты

  • 3 года мурун

Тажикстандын атайын кызматы тарабынан кармалган кыргызстандык Кубанычбек Акматов үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкен.

Башкармалыктын билдиргенине караганда, Акматов учурда Тажикстандын Хожент шаарында үй камагында кармалып турат.

Эске сала кетсек, Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын тургуну Кубанычбек Акматов 6-сентябрда Тажикстандын жарандарына чөп сатууга аракет кылган деген айып менен тажик чек арачылары тарабынан кармалган. Кармоо учурунда анын жанынан болжол менен 100 килограммдай альп ферула чөбү табылганы айтылган.

Андан соң Акматовдун Дүйшөмбү шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты