Бишкекте газ менен жүрүүчү 210 жаңы автобус каттамга чыкты

  • 3 года мурун

Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаары боюнча газ менен жүрүүчү 210 жаңы автобус каттамга чыкты.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мэриянын билдиргенине караганда, алгач Ала-Тоо аянтында жаңы автобустардын көрсөтмөсү болуп, андан соң каттамга чыгышкан.

Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында Бишкек мэриясынын Транспорт башкармалыгы менен өзбекстандык «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы кызматташуу тууралуу меморундумга кол койгон. Эки тараптуу кызматташуунун алкагында «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы бир жыл ичинде япониялык ISUZU маркасындагы өзбек өндүрүшүнөн чыккан газ менен жүрүүчү 350 автобусту Бишкек мэриясына өткөрүп бермек.

Автобустардын алгачкы партиясы Бишкекке июнь айынын башында келип, 22-июнда ишке берилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты