​Пакистандан Кыргызстанга келгендердин саны 12 миңден ашты

  • 3 года мурун

Пакистандан Кыргызстанга жакын арада учуп келгендердин саны 12 миңден ашты. Алардын бардыгы туристтик виза менен келишкен. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин айтымында, пакистандыктардын Кыргызстанга келишинен 1 млн доллардан ашуун пайда түшкөн.

7-сентябрда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеев билдиргендей, Пакистандын Исламабад, Лахор жана Сиалкот шаарларынан 65 чартердик каттам жасалып, андан “Манас” аэропорту 540 миң доллар киреше тапкан.

Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаевдин билдирүүсү боюнча, Кыргызстандын консулдук кызматы ушул жылдын 1-январынан 1-сентябрына чейин Пакистандын 9917 жаранына виза берген. Мындан бир жума мурун коомчулуктун коопсуздугу үчүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин демилгеси менен индиялыктарга жана пакистандыктарга виза берүү токтотулганын кошумчалады.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин берген маалыматына ылайык, Пакистандан келген жарандардын бардыгы эмдөөдөн өткөндүгүн тастыктап же ПЧР тест тапшырышкан жана аларды жайгаштыруу чакырган туристтик компанияларга жүктөлгөн. Анын айтымында, Бишкектеги мейманканаларга орун жетишсиз болгондуктан, айрым компаниялар кардарларын Ысык-Көл облусундагы пансионаттарга жайгаштырышкан.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, июль айынын аягы, август айынын башында Пакистандан Кыргызстанга келгендердин саны өскөн. Бирок алардын көбү сентябрь айында өлкөдөн чыгып кетишкен. Статистика боюнча, 1-5-сентябрь аралыгында Пакистандан 532 адам келсе, 1596 киши чыгып кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты