Мыйзамсыз берилген 92,5 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы мамлекеттин менчигине жалпы баасы 92 509 500 сомду түзгөн 0.54 гектар жер тилкесин кайтарып берди.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” жаңы конушундагы Тыналиев жана Бакаев көчөлөрүнүн ортосундагы, А. Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабынан орун алган жер тилкелери мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Тактап айтканда, 2005-жылы Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери жер мыйзамынын талаптарын бузуп, “кызыл сызыктардан” тышкары турган жалпы пайдалануудагы жерди 10 тилкеге бөлүп, турак үй куруу үчүн жеке жактарга берип коюшкан.

Бул жер тилкелерин мамлекетке кайтаруу үчүн прокуратура тарабынан ал жер тилкелерге берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу боюнча сотко тийиштүү доо-арыздар киргизилип, алар толугу менен канааттандырылган.

Мындан тышкары жалпы баасы 92 509 500 сомду түзгөн 0.54 га кыймылсыз мүлк мамлекеттин эсебине өткөрүлүп берилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты