“Ишкер аялды колдо” жарманкеси жыйынтыкталды (Фоторепортаж)
- 3 года мурун
- Фоторепортаж
Бүгүн, 7-сентябрда, Бишкекте «Novotel» мейманканасында “Ишкер аялды колдо» жарманкесинин жыйынтыгы болуп өттү.
Жарманкеге катталган 1000ден ашык катышуучунун ичинен тандалган 300 аялдын эмгектери коюлду.
Алар — кол өнөрчүлүк, кайра иштетүү, кийим-кече, тамак-аш жана кызмат көрсөтүү багытындагы эмгектер.
Саамалыктын алкагында катышуучуларга соода-сатыкты өнүктүрүүгө байланышкан ар түрдүү тренингдер да өтүлгөн.
Иш-чаранын негизги максаты — Кыргызстандын булуң-бурчундагы өз иши менен алектенген айымдардын эмгектерин коомчулукка тааныштыруу жана кийинки ишмердүүлүгү үчүн инвесторлорду табууга жардам берүү.
Сүрөттөр: «ПолитКлиника»
Мындан башка кыргыз айымдардын өндүргөн эмгектерин https://buyfromwomenkg.com/https://buyfromwomenkg…. сайтынан көрө аласыздар.