​Кубаныч жана арман тартуулаган Токио олимпиадасы

Пресс-атташе, спорттук баяндамачы Кабыл Макешовдун Токио олимпиадасынын кубанычы жана арманы тууралуу баянын сунуштайбыз.

Айтмакчы, кыргыз спортуна кошкон салымы үчүн Кабыл Макешовго жакында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылды.

“Токио-2020” жайкы олимпиадалык оюндарына 206 өлкөнүн 12 миңден ашуун спортчусу катышты. ХХХII жайкы олимпиада оюндары коронавирус пандемиясынын кыйын кырдаалына карабай, 23-июлдан 8-августка чейин өттү. Ал эми паралимпиадалык оюндар Токио шаарында 24-августтан 5-сентябрга чейин болот.

Токио олимпиадасы 2020-жылдын март айында 2021-жылга жылдырылганда оюндун уюштуруучулары, Грекиядан алынып келинген Олимпиада оту “туннелдин акырында жанып турган жалын болмокчу” деп айткан эле.


Беттен түшпөгөн беткап, ар күнкү анализ


Токиолук айрым жарандар Олимпиаданы өткөрүүгө каршы акцияларды өткөрүп турса дагы, жапон калкы кайратмандык, жигердүүлүк, тобокелдик менен олимпиаданы өткөрүү менен тарыхтын жаңы барагын ачып койгонуна, оюнду уюштуруучулардын, миңдеген ыктыярчылардын күнү-түнү тынбай мээнет кылганын көрүп, терең ыраазы болдум.

Олимпиада оюндарында күн сайын беткап тагынып, эртең менен ПЧР анализ тапшырып, санитардык эрежелерди сактап турдук. Мелдештерге баратканда, анан кайра Олимпиадалык айылга келатканда дагы дене табыбызды текшерип жатышты.

Тагдырдын буйругу менен мен он бир олимпиадалык оюнду жеринен түз чагылдырып келдим. Бирок мындай катаал шарттар менен ден соолукту текшерип, коопсуздукка өзгөчө көңүл буруп турган Олимпиада оюндары буга чейин болуп көргөн эмес.

Уюштуруучулар мелдештерди жабык эшик артында өткөрүп, оюн аянттарына жергиликтүү жана чет элдик күйөрмандар киргизилген жок.


Ээн стадион, көрүүчүлөрсүз өткөн мелдештер


Мелдештерди спорт журналисттери чагылдырып, катышып жаткан спортчуларды аз гана делегация мүчөлөрү сүрөөнгө алып турдук. Ошондо да аралыкты сактап, беткап менен отурдук. Биз кетээрибиз менен ошол жерди жууп-тазалап, дезинфекциялап турушту.

Ал эми спортчуларга да катуу чектөө киргизилип, эрежелерди сактоону ыктыярчылар көзөмөлдөп, эскертип турушту.

Бирок, мелдештер расмий түрдө баштала элек болсо дагы коронавирус эбак эле Олимпиада айылын аралап кеткен фактылар арбын болуп, жапондорду кошумча түйшүккө салды.


Олимпида оюндарындагы жаңы спорт түрлөрү


Токиодо эл аралык Олимпиада комитети тарабынан спорттун 33 түрү боюнча рекорддук 339 комплект байге үчүн мөрөй талашуу курч мүнөздө өттү. Алардын ичинен спорттун беш түрү: каратэ, скейтбординг, спорттук альпинизм, бейсбол/ софтбол жана серфинг олимпиадалык жадыбалга жаңы кошулду.

Бейсбол менен софтбол Токио олимпиадасынын жадыбалында негизинен “жаңы” деле эмес, бирок аталган оюндар боюнча Бээжинде 2008-жылкы Олимпиададан бери мелдеш өткөрүлө элек болчу.

Олимпиададагы жаңы иш-чаралар катары бокс, кайык слалом, кайык спринти, тоодогу веложарыш, калак менен кайыкта жарышуу жана сууда сүзүү боюнча мелдештер уюштурулду. Андан тышкары айымдар менен эркектер аралаш күч сынашкан 4×100м аралаш сууда сүзүү эстафетасы жана триатлон боюнча аралаш эстафета да олимпиадалык оюндардагы жаңылык болду.

Калдыктан жасалган медалдар жана сарамжалдуулук


Токио олимпиадасынын дагы бир өзгөчөлүгү медалдар мурда колдонулган мобилдик телефондордон жасалса, Олимпиада оюндарынын оту жанган факелин 2011-жылы Жапонияда катталган ири жер титирөөдөн кийин салынган убактылуу үйлөрдөн калган алюминийден жасалганы менен дүйнө коомчулугун таңгалдырды.

Токио шаарында спорттук ири имараттар, стадиондор, залдар арбын болгондуктан мелдеш өтүүчү сегиз гана имарат жаңы курулганы менен сарамжалдуулукту көрсөтүштү. Мисалы оор атлетика боюнча күч сынашуулар Токио эл аралык форум аталган ири имаратта өтсө, бокс мелдештери тарыхый Регоку Кокугикан сумо залында болду.

Ал эми спорттук күрөштүн бардык түрлөрү, фехтование жана таэквондо мелдештери баш — аягы көрүнбөгөн эң ири Макухари Мессе Борборунда өттү.Ал түгүл спорттун 11 түрү боюнча мелдеш Токиого жакын жайгашкан аймактарда, шаарларда өткөрүлдү. Мисалы Сайтама аймагында баскетбол, Эносима аралында –парус, Цуригасаки жээгинде –серфинг, Фудзияма тоосуна жакын Сидзуока аймагында велошоссе жарыштары, Идзу тоосунда велоспорт, Саппоро, Мияги, Касима жана Иокогама шаарларында футбол, Саппородо марафондук жарыштар өткөрүлдү.


Эң катаал шарттагы Олимпиада оюндары


Токиодогу жайкы Олимп оюндары 8-августта жыйынтыкталды. Коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учурап, бир жыл кечиккен бул оюндар тарыхта «эң катаал Олимпиада оюндары» катары эсте калды.

Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах Токио Олимпиадасын 8-августта жабык деп жарыялап, 16 күндүк спорттук иш-чара коронавирус пандемиясы учурунда дүйнөгө үмүт алып келгенин айтты.

Эстафета Париж шаарына тапшырылды. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах олимпиадалык желекти Париждин мэри Анн Идальгого өткөрүп берди. Туптуура үч жылдан соң дал ушул шаарда XXXIII жайкы Олимпиада оюндары өтөт.

2024 -жылкы жайкы Олимпиада оюндарын өткөрө турган Париж шаарында миңдеген адамдар, анын ичинде Токиодон кайтып келген жеңүүчүлөр Эйфел мунарасынын жанына чогулуп, Олимпиадалык желектин тапшырылышын кубаттап турушту.


Спорт — экономиканын барометри экени анык


23-июлда башталган Токио-2020 Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталды. Олимпиада оюндарында экономикасы күчтүү, өнүккөн өлкөлөр ат чабым алыс кетип, байгенин көбүн олжолоп алышты. Анан дагы спорттук медицинасынын, фармакологиясынын жардамы менен байгелүү орундарды ээлеп алышканын спорт адистери дагы баса белгилеп жатышат. Биринчи саптагы АКШ өлкөсүнүн 39 алтын, 41 күмүш, 33 коло медалы бар. Экинчи орунда 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло байге уткан Кытай турду.

Оюн ээси Жапония 27 алтын, 14 күмүш, 17 коло медаль утуп, үчүнчү орунду ээледи. Төртүнчү орунда Улуу Британия туруп, алар 22 алтын, 21 күмүш жана 22 коло байгени олжолоп кетишти. Эл аралык олимпиада комитетинин желеги астында катышкан Орусия 20 алтын, 28 күмүш жана 23 коло медаль утуп, бешинчи тепкичте турду.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан алдыга чыгып, 3 алтын жана 2 коло байгеси менен 32 — орунду ээледи. Мурдагы олимпиадалык оюндарда ийгилик жаратып келген Казакстандын учурдагы 8 коло байгеси менен 83 — орунга илинип, шаабайы сууп, арманы аттын башындай болуп турушту. Эгемендик алгандан бери 30 жылда бир күмүш байгелүү Түркмөнстан 77-орунда туруп, Казакстандан 6 тепкич өйдө болгону адистердин көңүлүн бурду. Токиодо Тажикстан бул жолку Олимпиада оюндарында бир да медаль алган жок.Токио олимпиадалык оюндарына Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргоду.

Кыргызстандык спортчулардын 13ү байгеге жетпей калса, балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш байгелүү болуп, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан 70 — орунда ээлеп, олимпиадага катышкан 206 мамлекеттен 136 өлкөдөн өйдө турду.

Олимпиада оюндарына катышкан 206 өлкөдөн 93 мамлекеттин спортчулары гана байгелүү орундарды ээледи.

Токио олимпиадасынан пресс-атташе, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты