​#ПАЙДАЛУУ: Англис тилин сапаттуу үйрөтүүчү 10 курс

Кайсы гана жерге болбосун, мейли окуу-жай, мейли жумуш, мейли дагы башка жер, кошумча тил билген адамдын ал жерге өтүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогору болот. Ал эми англис тили эл аралык тил болуп эсептелип, ага дайыма суроо-талап бар. Жаштар арасында анын негизги тилдердин бирине айланып баратканынын себеби да ушунда. Бул чыгарылышта англис тилин сапаттуу үйрөткөн жана чет өлкөдө окуу үчүн маанилүү болгон IELTS, TOEFL тесттерине даярдаган курстар тууралуу маалымат беребиз.

Тил курстарына бараардан мурун көңүл бурчу бир нече нерсе бар:

  1. Алгач тил үйрөнүүдөн максатыңызды аныктап алышыңыз керек. Ал ар түрдүү болушу мүмкүн. Маектешүүнү жакшыртуу үчүн, чет өлкөдө окуу үчүн, эл аралык тестирлөөдөн өтүү үчүн жана ишкерлик үчүн.
  2. Андан кийин тил билүү деңгээлиңизди аныктап алуу маанилүү. Аны так билүү үчүн тандаган курсуңузда атайын аныктоо тести болот. Эгер ал жок болсо, интернет аркылуу, онлайн тестирлөөнүн бир нечесинен өтүп текшерсеңиз болот.
  3. Сизге ыңгайлуу убакытты тандаңыз. Адамдардын кабыл алуусу ар кандай. Мисалы үйрөнүп жаткан материалдарды айрымдары эртең менен эрте жакшы кабыл алса, айрымдарын бул убакта уйкуга тартат.
  4. Сизге ылайыктуу бюджет жана сапаттуу курсту тандаңыз. Тил үйрөтүүдө ар бир мекеменин баасы ар кандай, аны капчыгыңызга ылайыктаңыз.

Ал эми акыркысы болгон курс тандоодо ПолитКлиника медиасы сизге жардамчы болот.

​#ПАЙДАЛУУ: Англис тилин сапаттуу үйрөтүүчү 10 курс

British Study Centers

Англис тили боюнча мыкты мектептердин биринин расмий өкүлү. TOEFL, IELTS тесттери официалдуу жүргүзүлгөн мекемелердин бири. Курстар англис тилинде угуу, сүйлөө, окуу, жазуу, грамматика, лексика жана айтууну эң ыңгайлуу жана эффективдүү изилдөө үчүн иштелип чыккан. Тил үйрөтүү программалары атайын жаш балдарга жана чоңдорго, окуу процесси үчүн, TOEFL жана IELTS тесттерине даярдануу үчүн, ошондой эле бизнес үчүн болуп бөлүнөт жана ар бирине өзгөчө маани берилет. Сабактын жыштыгы жумасына 3 же 5 жолу болушу мүмкүн. Узактыгы 1 саат 40 мүнөт. Бир тайпада 6-7 окуучу болот. Сабактардын 90%ына катышкан учурда окуучуларга сертификаттар берилет. Окуу китептери курстун баасына кирбейт.

Баасы: А1-С1 даражасына чейин айына 2500 сом

IELTS, TOEFLS жана iBT тесттерине даярдоо айына 6100 сом

Primary, Juniors, Teenagers айына 2000 сом

Бизнес англис тили айына 4500 сом

Дареги: Бишкек шаары, Табышалиев көчөсү 11

Байланышуу: 0778 89 98 16

[email protected]

bsc.ryrgyzstan — инстаграм баракчасы

Logos School

Окуу программасы атайын жаш балдарга, жумуш жамаатына, IELTS, TOEFL жана SAT тесттеринен өтүүгө камдангандарга жана академиялык максаттар үчүн үйрөнгүсү келгендерге болуп бөлүнөт. Баса белгилөөчү нерсе, эгер максатыңыз чет өлкөдөгү окуу-жайлардын биринде окуу болсо, бул мектеп сиз үчүн ыңгайлуу болот. Logos School чет өлкөлүк окуу жайлар менен кызматташат, 35 өлкөдөгү университеттерге тапшыруу жолдорун тактап, тесттерге даярдана аласыз. Бир тайпада 2-3 адамдан 6-9 адамга чейин окутулат. Сабактар жумасына сиздин тандооңузга карай 3-5 жолу болот. Жаш балдарга жумасына 3 күн сабак өтүлөт. Узактыгы 1 саат, 20 мүнөттөн. Курс аякталгандан кийин сертификаттар берилет. Окуу китептери курстун баасына кирбейт.

Баасы: айына 2600 сом

жаш балдар үчүн айына 1800 сом

TOEFL IELTS тесттерине даярдоо 6 жумага 6700 сом

SAT тестине даярдануу айына 6700 сом

Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109/1 2-этаж, №202 офис

Байланышуу: 0(774) (707) (556) — 96 30 15

[email protected]

@logos.group — инстаграм баракчасы

Adixi

Мектептин программасы баштапкы англис тили, жаш балдар үчүн, өспүрүмдөр үчүн, ишкердик англис тили, жамааттык үйрөнүү, IELTS жана TOEFL тестине даярдык, индивидуалдуу сабактар болуп бөлүнөт. Окуучуларды тайпаларга тил билүү деңгээли жана жашы боюнча бөлүшөт. Курска катталган ар бир адам өзүнүн тил билүү деңгээлин аныктоо үчүн бекер тестирлөөдөн өтө алат. Бир тайпадагы адамдардын саны 7ден ашпайт. Сабактар жумасына 5 жолу болуп, узактыгы 1 сааттан. Окуу китептери курстун баасына кирет.

Баасы: жаш балдарга, чоңдорго да айына 3000 сом

индивидуалдуу бир сабак 500 сом

IELTS TOEFl тесттерине даярдык бир сабак 500 сом

жамааттык англис тили айына 4500 сом

Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 176, 13 батир

Байланышуу: (0776) (555) (500) 51-29-25

[email protected]

adixi.kg — инстарам баракчасы

АУЦА университетинин окуу курстары

АУЦА университети окуткан бир нече тил курстарынын арасында англис тили да бар. Окуу программасында англис тилин үйрөнүү өспүрүмдөргө, жалпы жана бизнестик, ошондой эле TOEFL iBT, IELTS жана SAT тестттерине даярдоочу болуп бөлүнөт. Тил билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөнүн баасы 300 сом. Эгер тил курстарына катталсаңыз, бул акча окуунун баасынан кемитилет. Ыңгайыңызга карап тилди аралыктан (онлайн) же окуу жайдын өзүндө үйрөнсөңүз болот. Окуу куралдарынын баасы өзүнчө төлөнөт. Сабактар жумасына 2-6 жолу өтүлөт, сабактардын узактыгы 1 саат 20 мүнөттөн. Окуу китептеринин баасы 1800 сом.

Баасы: айына 3000 сом

жаш балдарга айына 3000 сом

TOEFL iBT тестине даярдык, жалпы курс 7000 сом

IELTS тестине даярдык, жалпы курс 7000 сом

SAT тестине даярдык, жалпы курс 6000 сом

Дареги: Бишкек шаары, А.Токомбаев көчөсү 7/6

Байланышуу: (550) (502) (771) 91-50-22

[email protected]

cec.auca.kg — инстаграм баракчасы

American Courses

Мектептин программасы тил үйрөнүүчүлөрдүн грамматикасына жана эркин сүйлөөсүнө багытталган. Англис тил ээлери менен болгон сабактар тилди бат өздөштүрүүгө жардам берет. Программа жаш балдарга жана чоңдорго ылайыкталган, эл аралык тесттерге даярдоо жок. Тил билүү деңгээлин аныктоочу тесттер бекер. Курска катталбай туруп, сабактардын сапатын текшерип көрүү үчүн сабактарга бекер катышып көрсө болот. Сабактар жумасына 6 жолу, 1 саат 20 мүнөттөн болот. Бир тайпадагы адамдардын саны 10го чейин. Курска катталуудан мурун сабактын сапатына баа берүү үчүн бекер сабакка катышып көрүүгө мүмкүн. Курстун аягында тастыктоо сертификаттары берилет.

Баасы: стандарттык курс айына 2500 сом

жаш балдарга 2300 сом

Дареги: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 134

Байланышуу: 0706 54 56 57

americancoures — инстаграм баракчасы

Studydone

Мында англис тилин жаңы иштелип чыккан методикалар менен А-1 даражасынан С-2 даражасына чейин үйрөнө аласыз. Окуучуларды тил билүү деңгээлине карай тайпаларга бөлүшөт, аныктоо тестинен өтүү бекер. Жумасына 3 жолу сабак өтүлүп, дем алыш күндөрү сүйлөшүү клубдарында англис тил ээлери менен маек куруга шарт түзүлгөн. Курс өтүлүүчү күндөрдү ыңгайыңызга карап тандасаңыз болот. Бир сабактын узактыгы 1 саат 20 мүнөттөн. Бир тайпада окугандардын саны 12 адамга чейин. Курстун аяганда аны тастыктоочу сертификаттар берилет.

Баасы: 2000 сом

Дареги: Бишкек шаары, Сыдыков көчөсү 131

Байланышуу: 0552 88 88 11

@studydon — инстаграм баракчасы

Lingua

Мугалимдер англис тилин жогорку деңгээлде билген жергиликтүү адистер жана чет өлкөлүк тил ээлери болуп эсептелинет. Тайпалар катталуучулардын жашына, тил билүү деңгээли, жана аларга ыңгайлуу окуу убактысына карай түзүлөт. Окутууда заманбап методикалар колдонулуп, грамматика менен сүйлөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Курсту мекеменин өзүнөн, болбосо аралыктан окусаңыз да болот. Сабак жумасына 3 жолу өтүлөт, узактыгы 1 саат 20 мүнөттөн. Бир тайпадагы адамдардын саны 8ден ашпайт. Биринчи сабакка бекер катышып, сапатын текшерүүгө болот.

Баасы: окуучуларга айына 1400 сом

чоңдорго 1700 сом

индивидуалдуу сабактар айына 3000 сом

Дареги: Бишкек шаары, Советский-Кулатов көч. Мегатрейд СБ 3-кабат

Байланышуу: 0707 70 71 41

@lingua_school.kg — инстаграм баакчасы

U-StudyZ

Сабактар англис тилин жакшы билген жергиликтүү жана чет өлкөлүк мугалимдер тарабынан өтүлөт. Программасы окуу, жазуу, угуу, маектешүү, гарамматика, сүйлөө сыяктуу беш негизги көрсөткүчтү калыптандырууга багытталган. Окуучуларга Европа өлкөлөрүнүн окуу-жайларына өтүү үчүн керектүү маалыматтар берилип, ийгиликтүү тапшырган студенттер менен маектешүүлөр болуп турат. Сабактар жумасына 5 жолу, 1 саат 20 мүнөттөн. Бир тайпадагы окуучулардын саны 8-10 адамдан турат. Курстун аягында, окууну тастыктоочу сертификаттар берилет.

Баасы: айына 2800 сом

Дареги: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 143

Байланышуу: 0505 21 12 19

u.studyz — инстаграм баракчасы

Перспектив

Мектеп англис тилин үйрөтүү менен биргеликте, окуучуларга Американын окуу жайларына өтүү шарттарын жана жолдорун сунуштайт. Тилди үйрөнүү А-1 деңгээлинен баштап, С-2 деңгээлине чейин уланат. Программанын методикасы заманбап түзүлгөн, окуучулар теория менен практиканы айкалыштыруу менен ырлардын кинолордун маанисин түшүнүү өңдүү кызыктуу сабактарды да өтүшөт. Сабактар жумасына 4 жолу болот. Узактыгы 1 саат 20 мүнөттөн. Бир тайпадагы окуучулардын саны 8-9 адамдан ашпайт. Курстун аягында сертификаттар берилет.

Баасы: эртең мененки курс айына 2000 сом

түштөн кийинки курс айына 2300 сом

кечки курстар айына 2500 сом

Дареги: Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 43

Байланышуу: 0(707) (551) 44-42-44

perspektive_u.s.a — инстаграм баракчасы

American School Courses

Окуу методикасы ар өлкөдөн келген адистер тарабынан түзүлгөн. Катталуучулар тил деңгээлин билген соң максатына карай, англис тилинин 6 деңгээлин үйрөнүп, TOEFL жана IELTS эл аралык тесттерине даярдык көрө алышат. Тилди эң мыкты өздөштүргөндөр олимпиадаларга катышуу мүмкүнчүлүгүнө да ээ. Сабактар жумасына 5 күн, 1 саат 20 мүнөттөн өтүлөт. Ар жумада маектешүү клубунда окуучулардын эркин сүйлөөсү үчүн тил ээлери менен сүйлөшүүлөр болот. Убакыт ыңгайына карап, ар бир катталуучу өз сабактарын эртең мененки, түштөн кийинки жана кечки убакка жайгаштыра алат. Бир тайпадагы окуучулардын саны 8-10 адамга чейин.

Баасы: оффлайн сабактар айына 3000 сом

онлайн индивидуалдуу сабактар айына 450$

Дареги: Бишкек шаары, Юнусалиев көчөсү 160

Байланышуу: 0(500) (509) 90-84-59

americanschool.courses — инстаграм баракасы

Даярдаган: Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты