Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп шайланды

  • 3 года мурун

Ош шаардык кеңешинде бүгүн, 26-августта, мэр шайлоо өттү. Жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында жалгыз талапкер Алмаз Мамбетов шайланды.

45 жаштагы Мамбетов мэрдин милдетин аткаруучу болуп 2-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган. Ага чейин ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын жетекчиси болчу. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген.

Мамбетовдун талапкерлигин мэрликке шаардык кеңештин «Аманат» көпчүлүк коалициясы көрсөткөн.

Бүгүн депутаттардын алдында сүйлөп жатып ал вице-мэрлердин бири аял болушу керектигин айтты.

«Ата-Журт Кыргызстан» жана «Биздин Кыргызстан» партиялары «Аманат» көпчүлүк коалициясын түзүшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты