Садыр Жапаров талаштуу маалымат мыйзамына кол койду

  • 3 года мурун

23-августта Президент Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтында жарыяланды.


Маалыматта, Конституцияга ылайык ар бир жаран өз ар намысын коргоого укуктуу экени, кол коюлган мыйзамда анын аткарылышына шарт түзүлөөрү жазылган.

Мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салат. Муну менен мыйзам интернет айдыңында таркап, чындыкка дал келбеген маалыматтын таркатылышынан коргоого кошумча кепилдикти аныктайт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул мыйзам алгач Жогорку Кеңештин депутаттары Гульшат Асылбаева жана Айнура Осмонова тарабынан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деген ат менен сунушталган. Бир топ юристтер жана активисттер бул мыйзам Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектей турганын айтып бир катар нааразчылык акцияларын уюштурушкан. Бир топ каршылыктардан кийин, ошол учурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамды кабыл албай арткакайтарган.

2020-жылдын күзүндө бийлик алмашкандан кийин парламентте мыйзам долбоорун талкуулоо маселеси кайрадан көтөрүлө баштады. Көптөгөн талаш-тартыш, коомдогу нааразылыктарга карабай быйыл, 2-июнда Жогорку Кеңеште документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» деп өзгөртүлгөн.

«Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо» жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңеш 28-июлда кабыл алган. Документтин авторлору жана бийликке мындай мыйзам керек экенин айтып, «фейктерге» каршы күрөш зарыл деген жүйө келтиришет. Ага ылайык, өкмөткө «жалган же анык эмес маалымат» тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап коюу укугу берилет. Маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүрдү деп табылган учурда бул мыйзам колдонулмакчы.

Парламенттин регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралышы керек болчу.

Бирок бир айдан кийин кайра добушка коюлуп, мыйзам долбоору кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты