ЖККУ лидерлери Ооганстандагы абалды талкуулашат

  • 3 года мурун

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин президенттери 23-августта видеожолугуу форматында чогулуп, Ооганстандагы окуялардын өнүгүшүн талкуулайт. Бул тууралуу ТАСС маалымат агентиги жазды.

Орусия президенти Владимир Путин Москвада Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен жолугуу учурунда ЖККУга мүчө мамлекет башчылары Ооганстандагы абалды, аймактагы коопсуздукту талкуулашарын билдирген.

ЖККУ уюму 1992-жылы «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу» максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты