​Бишкек, Ош, Токмок шаар мэрлигине талапкерлер катталды

  • 3 года мурун

Аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош, Токмок шаарларынын мэрлигине талапкерлерди 21-августта каттады.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары Айбек Жунушалиев катталды. Жунушалиевдин талапкерлиги Министрлер кабинети жана Бишкек шаардык кеңешинин көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган.

Ош аймактык шайлоо комиссиясы Ош шаарынын мэрлигине Алмаз Мамбетовду каттады. Мамбетов “Аманат” күпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган.

Токмок шаарынын аймактык шайлоо комиссиясы Токмок шаарынын мэрлигине эки талапкерди каттады.

Талапкер Урмат Самаев көпчүлүк коалициясы тарабынан сунушталган. Ал эми Кубатбек уулу Азат азчылык коалициясы тарабынан сунушталган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты