Футболчу Азамат Байматов Индонезиянын клубунда ойнойт

  • 3 года мурун

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын экс-капитаны Азамат Байматов Индонезияда карьерасын улантат. Ал «Барито Путера» клубуна өткөнүн аталган команда өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.

Клубдун жетекчилиги жаңы үч оюнчу алынганын, анын бири кыргызстандык Азамат Байматов экенин белгилеген. Команда менен кыргызстандык оюнчунун ортосундагы келишимдин шарты, мөөнөтү тууралуу азырынча айтыла элек.

«Барито Путера» жаңы сезондон тарта Индонезиянын чемпионатынын жогорку дивизионунда ойнойт.

Экс-капитан быйылкы сезонду Бишкектин «Алга» клубунда ойноп баштап, Индонезиянын «Борнео» клубунда жыйынтыктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты