​“Руслан Тагаев жетектеген “Братко” микрокредиттик компаниясы же үйүмдөн, же автоунаамдан жок талаада калтырды”

Банктан насыя алып, аны убагында төлөп бере албай, үй-жайын алдырып, карызга белчесинен батып ара жолдо калган адамдар жок эмес. Ошол эле учурда аты-жыты жок компанияларга алданып калган жарандарыбыз да бар. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Доктуркан Молдоева уулу менен бирге бизнес баштоо максатында 2010-жылы “Братко” микрокредиттик компаниясынан ири суммадагы каражат алган.

Бирок, көздөгөн максатына жетпей, ал ортодо кырсыктап үй-жайынан ажырап, уул-келини, неберелери менен көчөдө калган. Аталган компания үйүн гана алып тим болбостон, “үйүңдү кайтарып беребиз” деп короодо турган автоунаасын да алып койгон. Же үйдөн, же автоунаадан жок ара жолдо калганын айтып кейийт каарманыбыз. Анда окуя башынан болсун…“Насыяга 368 миң сом алдык”

— Адам баласы болгондон кийин баарыбыз эле жакшы жашоого умтулат экенбиз да. Биз Каракол шаарында жашачубуз. Уулум бизнес баштайлы дегенинен макул болуп үй-бүлөбүз менен Бишкекке келип, үй сатып алганбыз. Бир күнү уулум экөөбүз кеңешип, «Мадина» базарынан орун алдык. Кытайдан сапаттуу тигүүчү машиналарды алып келип сатмай болдук. Ал үчүн бизге акча керек эле. Уулум экөөбүз үйүбүздү банкка күрөөгө коймой болдук. Бирок, менин туруктуу иштеген жерим жок болгондуктан көп банктар насыя бербей коюшту. Акыры “Братко” микрокредиттик компаниясына барсам, алар жумуштан иштейт деген маалымдама жок болсо деле үйүмдү күрөөгө койсом, 42 пайыз үстөк менен насыя бере тургандыгын айтышты. Ошентип, үйүбүздү күрөөгө коюп 2010-жылдын июнь айында эки жылдык мөөнөт менен “Братко” микрокредиттик компаниясынан 368 миң сом насыя алдык.

“Алган насыябыздын үстөк пайызы өсүп кетти”

— Ойлогон оюбуз оңунан чыгып, Кытайдан тигүүчү машина алдырып келип «Мадина» базарынан сата баштаганбыз. Башында соодабыз жакшы эле жүрүп аткан. Төрт айга чейин насыябызды ай сайын 500 доллардан төлөчүбүз. Ошол учурда балам Кытайдан тигүүчү машиналарды алып келем деп каракчыларга алданып, ортодон аябай кыйналдык. Анын айынан балам алдамчылыкка шектелип, кармалып калды. Үч, төрт ай кредитибизди төлөй албай калдык. Караколдогу үйүбүздү сатып, баламды чыгарып алдым. Калган 8 миң долларын 2011-жылдын 21-октябрында төлөп бердим. Бирок, төрт ай төлөбөй жүргөндөгү пайыздык үстөгү 4 миң доллар болуп кеткен экен. Мен 2011-жылдын 21-октябрында төлөсөм, ошол эле жылдын 21-ноябрында “Братко” компаниясы менин үйүмдү “внесудебка” аркылуу өздөрүнө өткөрүп алышкан. Ошол учурда “мага кайра график түзүп бергиле. Пайыздык үстөгүн төлөгөнгө макулмун” десем, “үйүңдү алып койдук” деп мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Кайра барсам “Пайыздык үстөгүн 5 миң доллар төлөйсүң. Төлөбөсөң үйүңдү алып коебуз” деп айтышты. Мен 1500 доллар алып бир бардым, 3200 доллар алып бир бардым. Бирок, албай коюшту. Убакыт өтө берди.

“Компания автоунаамды алып, үйүмдүн документин бермей болушкан”

— 2011-жылы бизди үйдөн чыгаруу тууралуу компаниянын чечими келиптир. Ошондо “Братко” компаниясынын директору Богдан Тагаевдин апасы Венера Тагаевага абалымды түшүндүргөнгө аракет кылдым. Ал “үйүң бизде болот, акчасын төлөгөндө беребиз” деди. Кийин акчам болгондо төлөйүн деп барып, “Братко” компаниясын такыр таппай койдум. Көрсө, ошол жылдары компания алдамчылык фактыларына шектелип жабылып калыптыр. 2017-жылы “Братко” микрокредиттик компаниясынын директору Тагаев Богдан өзүнүн юристтери менен келди. Мен аябай сүйүндүм. Аларга короодо токтоп турган автоунаамды алып кетүүнү сунуштадым. Келишсе, ошол 7 миң долларлык “Ниссан Х-Трейл” автоунаасын берем, же сатып акчасын төлөйм деп күтүп жүргөм. Ошентип, алар автоунаамды алып, үйүмдүн документтерин бермей болду. 30-декабрда автоунаамды үч айлык мөөнөт менен аларга ишеним кат жазып берип, Тагаева Венера мага 300 000 сомго квитанция жазып берген. Үйүмдүн документин болсо, Тагаев Богдан Англиядан келгенден кийин менин наамыма өткөрүп беришерин айтышты. 2017-жылы 31-март күнү Тагаев Богдандын адвокаты Сарыбаев Тимур “үйдү сизге каттайлы” дегенинен, чуркап нотариуска келдим. Келсем, Сарыбаев Тимурдун жанында автоунааны алган Абдынасыров Азамат бар экен. Аларга официалдуу түрдө автоунаамды өткөрүп берип, алардан ишеним кат жаздырып алдым. Ошол жерден алар дагы “140 миң кошуп төлөшүңүз керек экен” дешти. Бирок, ал эмне болгон 140 миң сом экенин түшүнбөй эле калдым.

“Милиция менен келип, бизди үйдөн чыгарып салышты”

— Арадан 17 күн өткөндөн кийин, мага “25 000 доллар бергиле” деп компания Кадыров Бактияр деген адамдын атынан кат жибериптир. Мен ал катты Венера Тагаевага көрсөтсөм, “Биз бул адамды тааныбайбыз. Тагаев Богданды күтө тур. Келсе эле өткөрүп беребиз” деп ишендирди. Көрсө, Кадыров Бактияр булардын кол алдында иштеген адам экен. Тагаев Богдан Англиядан келгенде жолуктук. Ошондо өзүмдүн үйүмдү кайра 25 миң долларга сатып алышым керек экендигин айтышты. Уккан кулагыма ишенбей, ошондо гана бул компанияга алданып калганымды билдим.

Мен “Братко” микрокредиттик компаниясынан насыяга алган акчаны, үстөк пайызы менен төлөп бүткөм да. Кандайча мындай болгонун эч түшүнбөй койдум. Мен ошондо гана укук коргоо органдарына арыз жазып баштадым. 2018-жылдын 16-январында Биринчи май ИИБнин тергөөчүсү Абытов Расул күрөөгө коюлган мүлктү арестке коюу жөнүндө токтом чыгарган. Ошондо Тагаев Богдан “арыз жазбай эле коюңуз, үйүңүздү өткөрүп берем” деп артымдан чуркап жүргөн. Бирок, Биринчи май райондук прокурорунун орун басары Калканов Элзат 2018-жылдын 30-январында аресттен чыгаруу токтомун кабыл алган. Тагаев Богдан ошондон пайдаланып, ошол эле жылдын 1-мартында менин үйүмдү Ким Гульшат деген жаранга сатып жиберген. Ал эми 24-декабрда милиция менен келип, бизди үйдөн чыгарып жиберишти. Эч нерсе кыла албай эле уул-келиним, неберелерим менен көчөдө калдык.

“Же үйүмдөн, же автоунаамдан жок, көчөдө калдым”

— Ал арада тергөөдө автоунаам менен үйүмдү эки башка иш катары тергей башташты. Автоунаамды алдамчылык жол менен алып койгон деп ушул жылдын июль айында Тагаев Богданды камакка алышкан. Бирок, кайра эле тааныштары аркылуу чыгып кетти. Көрсө, бул компаниядан жабыркаган биз эле эмес экенбиз. Мага чейин да 600дөй адамды сыздатып, алардын күрөөгө койгон үйлөрүн алып коюшкан экен. Мен бул иш менен кайрылбаган жерим калган жок. Бирок, кайрылган жерлеримден эч кандай тыянак чыккан жок. Мен болсо же автоунаамдан, же үйүмдөн жок талаалап жүрөм.

“Братко” компаниясынан жабыркаган башка да жарандар бар

Жогоруда Доктуркан Молдоева айткандай, “Братко” микрокредиттик компаниясынан жабыркагандар көп. Биздин экинчи каарманыбыз Абдиллахат Садыровдун тааныштары 2010-жылы “Братко” компаниясынан 5 миң доллар кредит алган. Садыров ал таанышына ишенип үйүн күрөөгө коюп берген.

Мага бир тааныштарым “Кредит алат элек, сенин квартираңды күрөөгө коюп туралы. Жардам берип кой” дегенинен үйүмдү ММК “Братко” компаниясына күрөөгө коюуга макулдугумду бергем. Алар 2010-жылы 5 миң доллар алып кредитти убагында төлөбөй жүрө беришиптир. Мен күрөөгө берүүчү адам катары жабыркап калдым. Биз баарын төлөйлү деп “Братко” компаниясынын кызматкерлери, менин үйүмдү коюп кредит алган адамдар менен “Күрөөгө коюучу кредиттин негизги суммасын төлөп берсин. Ал эми негизги суммага кошулган үстөк пайызын кредит алган адам төлөп берсин” деп сүйлөшкөнбүз. Ошентип 5 миң долларды инимден карызга алып төлөгөм. Менин негизги сумманы төлөгөндүгүм туурасында квитанциям да бар. Бирок, ага болбой эле үйүмдү “Братко” компаниясы алып койду. Соттошуп отуруп, азыр менин үйүм арестте турат” дейт Абдиллахат Садыров.

Биринчи май райондук ИИБнин тергөөчүсү Расул Абытов Доктуркан Молдоеванын иши боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

Бул ишти мен тергебей калгам. Ал менин ишим болбогонуна байланыштуу бул иш боюнча эч нерсе деп айта албайм. Тагаевдар өздөрү “менден башка тергөөчү биздин ишти тергесин” деп арыз жазышкан. Андай арызды жазганга ар бир адамдын укугу бар. Негизи бул компаниядан Доктуркан Молдоева 8 миң доллар кредит алган. Ал акчасын ашыгы менен төлөсө да машинасын алып коюшкан. Алар “машинаңды берсең үйүндү кайтарым берем” деп туруп, машинасын алгандан кийин үйүн башка бирөөгө сатып жиберишкен”.

МКК “Братко” эмне болгон компания?

“Братко” микрокредиттик компаниясы КРнын Улуттук банкынан 2008-жылдын 3-июнунда каттоодон өткөндүгү тууралуу №137 күбөлүгүн алган. Бирок, Улуттук банк 2015-жылдын 26-мартындагы токтому боюнча “Братко” компаниясынан Улуттук банк тарабынан бекитилген талаптарды аткарбагандыгы үчүн каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн кайтарып алган. Бирок, бул компания күбөлүгүн кайтарып бербегендиктен 2015-жылдын 1-апрелинен тартып күбөлүгү Улуттук банк тарабынан жараксыз деп табылган.

Юстиция министрлигинин базасындагы маалыматка таянсак, “Братко” микрокредиттик компаниясы Тагаев Руслан Абдыжапарович менен Тагаева Венера аттуу жарандардын наамына катталган.

​“Руслан Тагаев жетектеген “Братко” микрокредиттик компаниясы же үйүмдөн, же автоунаамдан жок талаада калтырды”

Эске салсак, Тагаев Руслан Абдыжапарович убагында КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин директорунун орун басары болгон.

Ошондой эле, 2021-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан талапкерлигин койгон.

​“Руслан Тагаев жетектеген “Братко” микрокредиттик компаниясы же үйүмдөн, же автоунаамдан жок талаада калтырды”

Ал эми жогоруда Доктуркан Молдоева айтып жаткан Тагаев Богдан -Тагаев Русландын бир тууганы, Тагаева Венеранын карачечекей уулу.

“ПК”: Бул материалда аты аталган жарандар менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок, экинчи тараптын да пикирин берүүгө биздин медиа дайыма ачык.

Даярдаган: Кымбат Турдубекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты