​Бишкек жана Ош шаар мэрлигине бирден талапкер көрсөтүлдү. Токмокто — эки талапкер

  • 3 года мурун

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэр кызматына талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу аяктады.

Тапшырылган документтер текшерилгенден кийин аймактык шайлоо комиссиялары Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин кызмат орундарына талапкерлерди каттоо чечимин кабыл алышат.

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер катары Айбек Жунушалиев Министрлер кабинетинин төрагасы жана Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы тарабынан көрсөтүлдү.

Ош шаарынын мэрлигине талапкер Алмаз Мамбетов шаар кеңешинин көпчүлүк коалициясы тарабынан көрсөтүлдү.

Токмок шаардык кеңешине Урмат Самаев шаар кеңешинин көпчүлүк коалициясы тарабынан жана Кубатбек уулу Азат азчылык коалициясынан сунушталды.

Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 2021-жылдын 26-августуна дайындалды. Шайлоо саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты