​Кыргызстан Ооганстанда элди канаттандырган мамлекеттик түзүлүш орнотулат деп үмүттөнөт

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда Кыргызстан бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, жергиликтүү калкты канааттандырган мамлекеттик түзүлүш орнотулат деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

“Биз бардык тараптарды максималдуу сабырдуулукка, зомбулукка барбоого жана улутуна, динине, саясий көз карашына карабастан Афганистандын карапайым калкынын коопсуздугун, чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кол тийбестигин камсыздоого, бардык этникалык азчылыктардын, анын ичинде Афганистандын Чоң жана Кичи Памириндеги кыргыздардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган бардык чет өлкөлүк жарандарга Афганистандан эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө кепилдик берүүгө чакырабыз.

Кыргыз Республикасы жакын арада тартип калыбына келтирилет жана Афганистандагы кризистик кырдаал күч колдонулбай, сүйлөшүү жолу менен чечилип, алдыдагы транзиттик мезгилде дос мамиледеги бүткүл дос афган элин канааттандырган мамлекеттик түзүлүш орнотулат деп үмүттөнөт”.

15-августта “Талибан” кыймылы бийликти колуна алганы белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты