​»Озоди»: Душанбеге келген Ооганстан Президенти үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүгө даярдык көрүүдө

  • 3 года мурун

Ооганстандын Президенти Ашраф Гани Душанбеге келип, үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүгө даярдык көрүүдө.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун тажик кызматы («Озоди») Тажикстандын өкмөтүнө жакын эки булагына таянып кабарлады.

Президент Гани 15-августта өлкөдөн чыгып кеткенин Ооганстандын Улуттук жарашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла ырастаган.

«Ал оор кырдаалда Ооганстандан чыгып кетти. Кудай өзү жоопко тартсын. Эл өзү баа берсин», — деп билдирген Абдулла.

Азырынча Ооганстандын Президентинин кеңсеси Ганинин кайда экенине байланыштуу расмий маалымат тарата элек.

Соңку маалыматтарга ылайык, талибдер ооган баш калаасы Кабулдагы коопсуздук күчтөрү таштап кеткен аймактарга көзөмөлүн орнотуп жатат. Буга чейин «Талибан» кыймылы Кабулду күч менен албай турганын билдирген.

Бирок АКШнын Кабулдагы элчилиги кабарлагандай, дипломаттар, расмий жетекчилер жана башка ооган жарандары баш калкалап жаткан башкы эл аралык аэропортко ок атылды.

Сүрөттө: Ашраф Гани. Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты