Садыр Жапаров акимдерге арналган унаалардын тендерин жокко чыгарууну тапшырды

  • 3 года мурун

Садыр Жапаров Президентnин иш башкармалыгынын алдындагы автотранспорт бирикмеси тарабынан райондук администрация башчыларына (акимдерге) 60 миллион сомго унаа сатып алууга жарыяланган тендерди жокко чыгарууну тапшырды.

Бул тууралуу бүгүн, 13-августта, мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Бул чечим өлкөнүн экономикалык оор абалын, ошондой эле аталган маселе боюнча коомчулуктун пикирин эске алуу менен жана бюджеттин өтө зарыл болбогон чыгымдарын азайтуу үчүн кабыл алынды», — деди Эрбол Султанбаев.

Эске сала кетсек, жарыяланган тендердин суммасы 60 млн. сом деп аныкталып, ага жаңы, ак түстөгү 40 автоунаа сатып алуу пландаштырылып жаткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты