Тажикстан чек арадагы курулушту токтотту

  • 3 года мурун

Лейлек районуна караштуу Катта-Туз аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган аң жана Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган аң толтурулду.

Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

12-августта Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы аң казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштери боюнча Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Баткен жана Согди облустарынын башчылары баштаган эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты