7 тонна көмүрдү Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

  • 3 года мурун

Баткен облусунун чек ара кызматкерлери Кыргызстандан Тажикстанга 7 тоннага жакын көмүрдү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандарды кармады.

Бул тууралуу Чек-ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-августта Лейлек районунун Майты аймагында бир нече жарандын кыргыз номери тагылган унаадан тажик номурлуу унаага көмүр жүктөп жатканы байкалган. Окуя болгон жерге чек арачылар келээри менен кээ бирлери качып кетүүгө үлгүргөн. Натыйжада Кыргызстандын бир жараны — Кулунда айыл аймагынын тургуну Н.Б. кармалган.

Тажикстандын номери бар унаага болжол менен 6-7 тонна көмүр жүктөлгөн. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган жүктүн жалпы баасы 29 миң сомдон ашык болгон.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты