#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо

Телефон жана андагы колдонмолор жалаң гана кишинин убактысын алып, эч бир пайдасы жок деген пикирде жүрсөңүз жаңылышасыз. Аларды туура тандоо менен сиз көп убакыт же каражат коротуп жасачу иштерди кыйла бат жана бекер бүтүрсөңүз болот. Болгону алардын колдонууга оңой, ошол эле убакта сапаттууларын таба билүу керек. Бул чыгарылышыбызда ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн пайдалуу боло турган бир топ телефон колдонмолорун сунуштайбыз.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо












Көзүңүздүн көрүүсү начар болсо

Flashlight Magnifying light

Көзүңүздүн көрүүсү начар болуп, тамак-аштын курамы, дары-дармектин кагаздарын жана башка ушул өңдүү майда жазууларды окуй албай жаткан болсоңуз, Flashlight Magnifying light колдонмосу сиздин кол лупаңыз болуп калат. Анын жардамы менен сиз керектүү нерселерди каалаган убагыңызда сизге ыңгайлуу көлөмдө окуй аласыз.

Артыкчылыктары:

  • Майда жазууларды 5 эсе чоң көлөмдө, жогорку контрастта окуса болот;
  • Керектүү нерсени сүрөткө тартып, же жөн гана камераны багыттап туруп чоңойто аласыз;
  • Караңгы учурда колдонмонун фонаригин күйгүзүп иштетүү мүмкүн;
  • Колдонмо бекер.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо














Балаңызды керексиз колдонмолор менен контенттерден алыс кармайм десеңиз

Parental Control

Интернет айдыңында сиздин балаңыздын жашына туура келбеген контенттер бар жана сиз анын телефонун 24 саат бою жанында отуруп көзөмөлдөй албайсыз. Parental Control колдонмосу болсо, жашка чектөө коюлган нерселерден оолак кармоо менен биргеликте керектүү учурда сайттарга кирүүсүнө сизден уруксат сурап турат. Бирок бул үчүн аталган колдонмо сизде да, балаңызда да орнотулган болууга тийиш.

Артыкчылыктары:

  • Колдонмого катталганда балаңыздын жашын сактайсыз, бул учурда балаңыздын жашына туура келбеген контенттер ( порнография, психиканы бузуучу зордук-зомбулук камтылган видеолор жана азарттык оюндар) автоматтык түрдө бекитилет;
  • Оюн ойноо, социалдык тармактарда отуруунун убакытын чектеп койсоңуз болот;
  • GPS, GSM же болбосо WI-FI аркылуу каалаган учурда баланын каерде экендигин биле аласыз;
  • https://parentalcontrol.eset.com/ сайты жана My Eset колдонмосу аркылуу баланын телефон, планшет, компьютерде отуруусун, кирген сайт жана колдонмолорун анализдеп турасыз.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо

Үйдө отуруп машыгуу

Арыктоону максат кылып же жөн эле денеңизди көркөмүн чыгаргыңыз келип бирок, фитнес залдарына айлык абонемент кымбаттык кылып жатса, анда бул колдонмону көчүрүңүз. Залдын ордуна үйдө алектенгениңиз эле болбосо, сизге керектүү, пайдалуу жана эң негизгиси натыйжалуу көнүгүүлөрдү талдап бере ала турган фитнес-тренериңизге айланат.

  • Денеңизге же конкреттүү бир бөлүгүнө көңүл бургуңуз келсе, ага ылайык көнүгүүлөрдү тандап берет. Мисалга ичиңиздеги майды жок кылгыңыз келип жатса, ошого ылайыктуу көнүгүүлөрдүн түрлөрү көрсөтөт;
  • Буга чейин спорт менен алектенип алектенбегениңизге карай, көнүгүүлөрдү аткаруунун оордук даражасы, кайталоо жыштыгы да сизге ылайыкталат;
  • Машыгып баштагандагы салмак, боюңузду жазып, кийин аларды контролдосоңуз болот.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо














Математика эсептерин чыгарууга

Photomath

Математика дайыма тактыкты талап кылат. Эгер белгилүү бир мисал, теңдемени чыгарууда көйгөй жаралып жатса, же балдарыңыздын үй тапшырмасын текшерүүнү каааласаңыз, Photomathды көчүрүп алыңыз. Бул колдонмо математикалык мисалдарды кыска убакытта, тиешелүү эрежелерге ылайык чыгарып бере алат. Ал үчүн телефондун камерасын жазылган мисалга бир нече секунд кармап туруу жетиштүү. Же болбосо жеке калькулятор бөлүгүнө кирип, өзүңүз жазсаңыз да болот.

Артыкчылыктары

  • Бир топ кыйын мисалдардын жообун бат чыгаруу менен биргеликте, чыгаруу жолдору да көрсөтүлөт;
  • Чыгарууда колдонулган формулаларды көрүп, жыйынтыктын тууралыгын текшере аласыз;
  • Кадимки телефондун калькуляторунда жок (бөлчөк сызыктар, тамыр, квадрат, факториал жб.) көп куралдар бар;
  • Бекер колдонмо.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо












Сапаттуу которуу

Google переводчик

Азыр интернетте которууга багытталган көп онлайн сөздүктөр бар. Бирок сунушталган колдонмо тил базасынын кеңирилиги, жана которуу жолдорунун ыңгайлуулугу менен айырмаланат. Каалаган сөз жана сүйлөмдөрдү 100дөн ашык тилге сапаттуу которо аласыз.

Артыкчылыктары

  • Базасында 110 түрдүү тил бар;
  • Которуу, текстке камераны тосуп туруу, сүрөткө тартуу, үн жаздыруу, жана жазуу аркылуу жүргүзүлөт;
  • Которулушун эле эмес, сиз үйрөнүп жаткан тилде керектүү сөз кандай интонация менен айтылаарын уксаңыз болот;
  • Телефонго өткөргөн соң башка тилде жазылган сайтка кирип калсаңыз, андан чыкпай туруп автоматтык түрдө котормосун ала аласыз;
  • Колдонмо бекер иштейт.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо














Товарды тууралуу толук маалымат алуу үчүн

QR Code Scanner & Barcode Scanner

Товар сатып алып жатып ал тууралуу маалымат алгыңыз келсе, бул колдонмону көчүрүп, товардагы кодду сүрөткө тартыңыз. Сизге код аркылуу корголгон маалыматка шилтеме берилет жана ал жерден анын каерде жасалганын, курамын, товарга болгон башка адамдардын пикирин окуй аласыз. Эскерте кетчү нерсе, колдонмо кодду аныктагандан кийин, интернеттен издөө чекитин басканда гана керектүү маалыматтар чыгат. Башкача айтканда, корголгон маалымат үчүн бул колдонмо ачкыч гана болуп берет.

  • 13кө жакын коддордун түрлөрүн таанып, сканерлей алат;
  • QR-коддорду окуу менен биргеликте аларды жасай да аласыз;
  • Товардын өзүндөгү маалымат чет тилдеринде жазылган болсо, аны сиз интернеттен сизге ылайык тилде окусаңыз болот;
  • Колдонмо бекер.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо













Сканерлөө үчүн

Camscanner

Колго жазылган текстти же болбосо барактагы керектүү документтерди бирөөгө жиберүүдө кыйла көйгөй жаралат. Анткени телефондун камерасына тартылган сүрөттүн сапаты дайым эле жакшы боло бербегени аз келгенсип, башка телефонго өткөндө дагы кыйла бузулат. Ал эми айрым документтерди электрондук форматта бирөөгө жиберүү үчүн компьютери жана сканерлөө аппараты бар адиске барууга туура келет. Сунушталган IScanner колдонмосу бул маселелерди чечүүгө жардам берет.

Артыкчылыктары:

  • Телефондун камерасы аркылуу сканерлөөгө болот;
  • Камерадан айырмаланып сүрөттөр кыйла сапаттуу жана даана көрүнөт;
  • Документтерди электрондук PDF форматына өткөрө аласыз;
  • Текстти каалаган тилге которуп алсаңыз болот;
  • QR-кодду сканерлеп маалымат алса болот;
  • Колдонмо бекер.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо












Китеп окуйм десеңиз

Читай Бесплатно

Азыр аймактык китепканалар тургай, борбордогу китепканалардан да дүйнөлүк классиктердин же болбосо жаңы чыгып келе жакан жазуучулардын китептерин табуу кыйын. Ал эми китеп сатып алууга дайыма эле мүмкүнчүлүк боло бербейт. Сунушталган колдонмо бекер болуу менен катар эң ыңгайлуулардын бири.

Артыкчылыктары:

  • Өзүңүзгө керектүү китепти кыска убакытта таап берет;
  • Жаңы чыккан жана популярдуу китептердин тобун карай аласыз;
  • Китептерди 18 чоң жанрда жана бир эле жанрдын 10дон ашык түрүндө тандоого болот;
  • Окугуңуз келген китеп тууралуу башка окурмандардын пикирлерин, анализдерин карап, бааласаңыз болот;
  • Колдонмо бекер.

Колдонмодо кыргыз тилдеги китептер жок.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо

ЛИТРЕС

Колдонмонун өзү бекер, бирок “Читай Бесплатно” колдонмосунан айырмаланып, китептердин айрымдарын сатып алууга туура келет.

Артыкчылыктары:

  • Китептерди кадимкидей окуп эле калбай, аудио түрүндө угууга да болот;
  • Орус тилинен сырткары дагы 10 тилде окуй аласыз;
  • Китептердин жаңы чыккандары менен кошо акция жүргүзүлүп жаткандары да сизге сунушталып турат;
  • 19га жакын жанр бар. Алар өз ара дагы бир нече топко бөлүнүп, тандоо кеңири.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо












Телефондун эсин тазалоо үчүн

CСleaner

Телефонуңуздун эси толуп, иштөөсүн жайлатып жатабы?

Мындай учурларда сүрөт, видео жана башка материалдардан кайсынысын өчүрөөрүбүздү билбей башыбыз катат. Ал эми Play Marketте телефонду тазалап туруучу колдонмолор көп. CCleaner алардын бири.

Артыкчылыктары:

  • Телефонуңуздун эсин жалпы анализдеп, контролдоп турасыз;
  • Керексиз, бош, кайталануучу, кеш папкаларды өчүрүп турат;
  • Көпкө чейин иштетилбей унутта калган, бирок телефонуңуздун эсин ээлеп турган колдонмолорду чыгарып берет;
  • Сизге керектүү материалдарга тийбейт.
  • Колдонмо бекер.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо












Чыгармачылык үчүн идея же жагымдуу сүрөттөрдү издесеңиз

Pinterest

Албетте, өзүңүзгө керектүү сүрөттөрдү сиз Google аркылуу да тапсаңыз болот. Бирок мында алардын түрү, сапаты, көркөмдүгү кыйла жакшы, ошондой эле пайдалуу кеңештерди тапсаңыз да болот. Кулинардык рецептер, машыгуунун түрлөрү, социалдык тармакты коздоо, тигүү ж.б. Башкача айтканда, хоббиңизди өөчүтүүгө көп идеяларды сунуштайт.

Артыкчылыктары:

  • Табитиңизге жараша сизге жаккан категорияны тандап алсаңыз болот. Мисалга : спорт, тамак-аш, чыгармачылык, искусство, кесип, инстаграм баракчасы;
  • Тиешелүү категорияны тандаган соң, сизге ошолор боюнча пайдалуу кеңештер, интернеттеги макалалар, алар боюнча сүрөттөр чыгарылып турат;
  • Чыгармачылык үчүн көп идеяларды алса болот;
  • Бул колдонмодогу сүрөт жана видеолорду көчүрүп, бөлүшсөңүз болот;
  • Колдонмо бекер.

#ПАЙДАЛУУ: Убакытты жана каражатты үнөмдөгөн 12 колдонмо










Телефонго коюлган сыр сөздөрдү унутпоо үчүн

LastPass

Аккаунттардын, социалдык тармактардагы баракчалардын сыр сөздөрүн улам өзгөртүп отуруп, кайсыл баракчаныкы кайсыл экенин унутуп калган учурлар көп болсо керек. Аларга кайрадан кирүү үчүн сыр сөздөрду почта же телефон номер аркылуу өзгөртүп, көп убакыт кетиребиз. Ал эми LastPass менен бул маселе жоюлат.. Сизге болгону бул колдонмонун сыр сөзүн билүү жетиштүү.

  • Бир сыр сөз калган аккаунт жана почталардын ачкычы болуп калат;
  • Колдонмодо башка тармактарга кирүүчү сыр сөздөр сакталып турат;
  • Cизге тиешелүү конфедициалдуу жеке маалыматтарга тийбейт;
  • Бекер иштөөчү колдонмо.

Даярдаган: Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты