Бекматов: Бишкек жана Ош шаар башчылары 26-августта шайланат
- 2 years мурун
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери 26-августта шайланат.
Бул тууралуу БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов “Кабар” агенттигине билдирди.
Талапка ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери тиешелүү шаардык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан анын чакырылган мөөнөтүнө, жашырын добуш берүү жолу менен шайланат.
Шаар мэри кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттык фракциялары, фракциялардын коалициялары жана Министерлер кабинетинин төрагасы укуктуу.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү