Аскар Акаевди Кыргызстандын бийлиги жоопко тартыш керек беле? (ВИДЕО)

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстанга келди. Ал президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, андан кийин сурак берип чыкты. Ал жактан чыгаары менен журналисттерге “Кумтөр” боюнча иштин тергөөсүнө жардам бергени алдын ала президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүп алып келгендигин билдирди.

Эске салсак, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаев дагы бар экенин айткан.

Аскар Акаевдин келип ээн-эркин жүргөнүнө нааразы тараптар дагы көп. Аскар Акаевди Кыргызстандын бийлиги жоопко тартыш керек беле? Анын эркин жүрүп, кайра кетиши эмнеден кабар берет? Биз «Талкуу» берүүбүздө ушул теманын айланасында талкууладык.

Бизде конокто, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен укук коргоочу Токтайым Үмөталиева болду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты