​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

Жылдан жылга балдарын жеке менчик мектептерге окууга берген ата-энелердин саны өсүүдө. Мындай мектептерде окутуунун баасы кыйла жогору. Бирок алар сунуштаган заман талабына ылайык иштелип чыккан программалар, эл аралык жогорку окуу-жайларга эшик ачуучу тесттерге даярдоо өз кезегинде балаңызга жаңы мүкүнчүлүктөрдү тартуулайт. ПолитКлиника медиасы борбор калаадагы жеке менчик мектептер жана алардын шарттары тууралуу маалыматтарды чогултту.

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Алтын Башат” мектеби

Мектеп 1-класстан баштап 11-класска чейинки балдарды кабыл алат. Математика сабагы Петерсон, англис тили сабагы Oxford программасынын негизинде басым жасалып окутулат. Ошондой эле информатика сабагы башталгыч класстардан эле окутулуп, жогорку деңгээлде жабдылган класстарда өтүлөт.

Шахмат, ушу, футбол, стол тенниси, кол эмгек, менталдык арифметика боюнча ийримдер, арт-студия бар. Ар бир ийрим үчүн төлөм өзүнчө болот. Окуу күнү саат 8:00дөн 17:00гө чейинки убакытты камтыйт. Орус тилдүү мектеп.

Тамактануу: 3 маал

Кирүү баасы: 7000 сом

Баасы: айына 21000 сом

Дареги: Бишкек шаары, Осмонкулов көчөсү 40Б

Байланыш номери: 0772 578 800

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Келечек MIT” мектеби

Математика жана IT тармагына басым жасалган менчик мектеп. Башталгыч класстан 11-класска чейинки балдар окушат. Англис тили сабагы Oxford Thinkers Series, Solutions Series программалары менен тереңдетилип окутулат. Окуучуларды TOEFL, ЖРТ жана SAT тесттерине даярдашат. Программалоо тилдерин, робототехниканы, жана дрондорду колдоно билүүнү үйрөтүүчү замандын талабына ылайык сабактар өтүлөт. 20дан ашык бекер ийримдер бар. Алар: сүрөт тартуу, актёрдук чеберчилик, шахмат, бий, гимнастика, кичинекейлер үчүн балет, каратэ, таэквандо жана футбол ийримдери. Мектеп убактысы 8:00дөн 17:00гө чейин. Бир классттагы окуучулардын саны 22ге жетет.

Тамактануу: 3 маал

Баасы: айына 350$

Дареги: Бишкек шаары, 8-микрорайон 39

Байланыш номери: 0708 00 46 00

0551 00 46 00

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Тенсай” мектеби

1-класстан 11-класска чейинки окуучулар окутулат. Классына жараша балдар жапон жана англис тилдерин үйрөнүшөт, математикага басым жасалат. Аны менен биргеликте азыр талап кылынып жаткан төмөнкү сабактар да бар:

-Химия;

-Робототехника;

-Менталдык арифметика;

-Программалоо.

Бир класста 18 окуучу окуйт. Сабактар кыргыз, орус, жапон жана англис тилдеринде өтүлүп, саат 8:30дан 17:30га чейин уланат.

Тамактануу: 3 маал

Кирүү баасы: 100$

Баасы: 1-8-класстар жылына 3000$

9-11-класстар жылына 3500$

Дареги: Бишкек шаары, Нурмамбетов көчөсү 15

Байланыш номери: 0552 99 93 36

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Эрудит” мектеби

Окуу программасы математика, логика жана ой-жүгүртүүнүн калыптануусу, табигый илимдер,технология, дизайн жана тилдерди үйрөнүүгө багытталган. Даярдоо классынан 11-класска чейинки балдарды кабыл алышат. Кабыл алуу мектептин жеке тестинин жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Окуучулар 7-класстан баштап жогорку окуу-жайларга даярдык көрүшөт. Негизги сабактардан сырткары ар тараптуу өнүгүү үчүн бир нече тармактар боюнча сабактар сунушталат:

-IT жана робототехника;

-Музыка;

-Кино жана журналистика;

-Арт жана дизайн;

-Технологиялык ишкердик;

-Инженердик модуль;

-Бизнес;

-Изилдөө лабораториясы.

Вокал, гимнастика, күрөш, көркөм өнөр, бий ийримдери, фитнес студиясы бар. Бир класста 18ден окуучу окутулат. Окуу убактысы 8:00дөн 17:00гө чейин.

Тамактануу: 3 маал

Баасы: 5 жаштан 6-класска чейинки балдарга жылына 3600$

7-11-класстарга 4000$

Дареги: Бишкек шаары, Чүй проспектиси 121

Байланыш номери: 0553 10 35 35

0555 40 00 50

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Билимкана” мектеби

Англис тили окуучуларга милдеттүү түрдө окутулуп, андан сырткары француз, немис, жапон жана кытай тилдеринин бирин тандап үйрөнсө болот. Кошумча:

-Музыка мектеби;

-Робототехника;

-Арт-проект;

-Театр;

-Медиа боюнча сабактар бар. Окуучулар сабактан сырткары чыгармачылык, музыка, спорт тармактарында өздөрүн өнүктүрө алышат. Комуз, көркөм өнөр, фортепиано, скрипка, вокал, шахмат, жаа атуу жана айкидо ийримдери бар. Башталгыч класстан 11-класска чейинки балдар мектептин жеке тестинин негизинде кабыл алынат. Окуу убактысы 8:30дан 16:30га чейин. Бир класста 20дан окуучу окутулат, окуу орус тилинде жүргүзүлөт.

Тамактануу: 3 маал

кирүү баасы: 100$

Баасы: айына 295$

Дареги: Бишкек шаары, Көк-Жар айылы, Кайыков көчөсү 51-53

Байланыш номери: 0507 99 09 05

0502 71 15 11

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Приортиет” мектеби

Окутуунун негизине гимназиялык программа, баллдык эсептөө системасы, англис жана немис тилдери кирет. Ошондой эле мектеп психологу менен тренингдер өткөрүлүп турат. Андан сырткары баланын бир нече тармакта өзүн сынап көрүүсү үчүн кошумча сабактар каралган:

-Финансылык сабаттуулук;

-Инженерия;

-Эмгек сабактары: инженерия, кулинария, кол эмгек;

-Грек-рим күрөшү жана хареография (3-класстан баштап);

-Улуттук аспапта ойноо (чопо чоор)

Бир класста 20дан окуучу окуйт. Сабактар орус тилинде өтүлүп, саат 8:00дөн 18:00гө чейин уланат.

Тамактануу: 3 маал

Кирүү баасы: 4000 сом

Баасы: айына 18500 сом

Дареги: Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси 56

Байланыш номери: 0553 55 20 20

0703 54 45 45

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Ак-тилек” мектеби

Мектеп англис жана немис тилдерине басым жасайт. Программалоо үйрөтүлөт. 1-класстан 11-класска чейинки балдар жеке маек куруунун негизинде кабыл алынат. Мектеп формасы эркин. Ийримдерден сууда сүзүү, шахмат, хореография, таэквандо, футбол, театр, дебат, музыка, сүрөт жана йога бар. Мектеп убактысы саат 8:00дөн 17:00гө чейинки толук окуу күнүн камтыйт. Сабактар орус тилинде өтүлөт. Бир класста 15ке жакын окуучу окуйт.

Тамактануу: 3 маал

Баасы: айына 15000 сом
Дареги: Бишкек шаары, Малдыбаев көчөсү 54

Байланыш номери: 0773 69 65 13

0550 45 51 23

0700 45 51 23

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Smart School” мектеби

1-класстан 4-класска чейинки гана балдар окушат. Балаңыз мектепке кирүүдөн мурун тестирлөөдөн өтүшү керек. Жогорку технологиялар менен жабдылган мектепте тил жана математика класстары, түрдүү ийримдер бар. Окуу убактысы 8:00дөн 17:00гө чейин созулат. 17:00дөн кийин баланы өнүктүрүүчү сабактар башталат. Аларга:

-Комуз;

-Робототехника;

-Актёрдук чеберчилик;

-Фортепиано-пианино;

-Шахмат оюндары;

-Бий;
-Таэквандо кирет.

Сабактар орус тилинде өтүлөт.

Тамактануу: 3 маал

Кирүү баасы: 4000 сом
Баасы: айына 10000 сом

Дареги: Бишкек шаары, Табалдиев көчөсү 116

Байланыш номери: 0771 71 55 66

0706 73 08 73

0776 16 78 18

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“АЭС” мектеби

Окуу Америка жана Европанын стандарттарына ылайык келет. Башталгыч класстан 11-класска чейинки окуучуларды кабыл алышат. 2-класстан баштап окуучулар мектепке кирүү үчүн тестирлөөдөн өтүүсү керек. Америка, Германия, Чехия жана башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен кызматташат, жана аларга тапшыруу даярдыгы 7-класстан эле башталат. Өзгөчө англис тилине жана финансылык сабаттуулукка басым жасалып, заманбап делген тармактар окуу программасына камтылган:

-Программалоо;

-Робототехника;

-Маркетинг;

-Ишкердик;

-Блогинг;

-Дизайн;

-Контент-мейкинг.

Мектептин кошумча ийримдерине программалоо, шахмат, скульптура, оратордук чеберчилик, театр искусствосу, музыкалык мектеп, критикалык ой-жүгүртүү, тез окуу, SMM, тереңдетилген англис, немис жана чех тилдери кирет. Кошумча сабактар, ийримдер, мектепке каттоо жана тамактануу окуу баасына кирет. Бир класста 15-20дан окуучу болот. Окуу убактысы 8:00дөн 17:00гө чейин.

Сабактар орус тилинде өтүлөт.

Тамактануу: 3 маал

Баасы: 10-августка чейин арзандатуу менен 2800$

кийин 4000$ жылына

Дареги: Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү 2/1

Байланыш номери: 0509 53 83 83

0551 53 83 83

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Ньютон” мектеби

Окуу тарбиячылар иштеп чыккан атайын программанын негизинде жүрөт. Мектепке 1-7-класстын окуучулары атайын тестирлөөнүн жана бала менен жеке маек куруунун жыйынтыгы менен алынат. Англис тили Oxford программасына негизделген. ТРИЗ, STEM жана робототехника жана ар тараптуу өнүктүрүүчү сабактары өтүлөт. Ыңгайыңызга карап, баланын окуу убактысын жарым күндүк жана толук күндүк кыла аласыз. Класстарда окуучулардын саны 14төн ашпайт. Окуу убактысы түшкө чейин 8:00дөн 13:30га чейин, түштөн кийин 13:40тан 18:40ка чейин уланып, окуучулар классына карай эки мөөнөттө окушат.

Тамактануу: 3 маал

Баасы: жарым күндүк окуу айына 12000 сом

толук окуу күнү айына 18000 сом

Дареги: Бишкек шаары, Күйүков көчөсү 18

Байланыш номери: 0501 49 30 00

0559 49 30 00

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Oxford” мектеби

1-11-класска чейинки балдарды математика жана англис тили сабактарынан тест алуу менен кабыл алышат. Мектеп балага анлис тилин колдонуучулардын чөйрөсүндө заманбап окуу методикалардын жардамы менен тилди мыкты деңгээлде үйрөнүүсүнө кепилдик берет. Окуу IGCSE программасына негизделип төмөнкүлөрдү камтыйт:

-Чет тилдер;

-Математика;

-Табигый илимдер;

-Глобалдык мүмкүнчүлүктөр;

-Маалыматтык коммуникация жана технология;

-Искусство;

-Бизнес;

-Экономика.

Футбол, сууда сүзүү, баскетбол, бий, таэквандо. математика, шахмат, информатика, авиамоделдөө, робототехника, гитара, скрипка, тамак жасоо, скульптура, чач өрүү, англис жана кытай тилдери ийримдери бар. Бир класстагы окуучулардын саны 22ден ашпайт. Окутуу орус жана англис тилдеринде болот.

Тамактануу: түшкү тамак берилет

Баасы: жылына 4000$

Дареги: Бишкек шаары, Т.Океев көчөсү 11

Байланыш номери: 0700 55 11 55

0558 55 11 55

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Абитуриент” мектеби

“Абитуриент” мектеби классикалык билим берүү мектеби. Мектеп программасынын сабактары жана англис тили заманбап окуу куралдарын колдонуу менен окутулат. 2-11-класстарга кабыл алуу орус тили, математика, англис тили сабактарынан экзамен алуу менен жүрөт. Окуучулар 10-класстан баштап эле TOEFL, ЖРТ, ЕГЭ тесттерине жана жогорку окуу жайларга даярдана башташат. Окуу планына тиешелүү сабактардан сырткары шахмат, хореография, футбол робототехника жана кошумча тил катары француз тили кирет. Бир класста 14 окуучу окуйт. Окуу убактысы 9:30дан 17:00гө чейин. Сабактар орус тилинде өтүлөт.

Тамактануу:

Баасы: 1-4-класска чейин айына 20000 сом

5-11-класстарга айына 20000-25000 сом

Дареги: Бишкек шаары, Мира проспекти 12

Бишкек шаары, Исанов көчөсү 4-Б

Байланыш номери: 0312 31 60 22

0557 47 70 70

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Айчүрөк” кыздар лицейи

7-класстан 11-класска чейинки окуучуларды англис тилинин экзамени менен кабыл алышат. Лицейде англис, түрк тилдери окутулат. Окуучуларды TOEFL, ЖРТ тесттерине даярдоолор жүрүп, университеттер тууралуу консультациялар өтүлөт. Мектеп программасындагы сабактар менен биргеликте кыздарды ар тараптуу өнүктүрүп калыптандыра турган сабактар да каралган:

Искусство;

Адам укуктары жана демократия;

Жүрүм-турум маданияты;

Этикет;

Глобалдык перспектива, критикалык ой-жүгүртүү;

Медицина;

Музыка;

Технология жана дизайн.

Бир класста 25 кызга чейин окушат. Сабактар кыргыз тилинде, айрымдары англис тилинде өтүлөт жана 8:30дан 16:30га чейин уланат.

Тамактануу: 4 маал

Баасы: жатаканасы менен жылына 4200$

жатаканасы жок 3800$

Дареги: Бишкек шаары, Аламедин-1 62/1

Байланыш номери: 0777 89 41 57

0990 55 53 75

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

Чыңгыз Айтматов атындагы балдар лицейи

7-класстан 11-класска чейинки балдарды тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алат. Англис, түрк тилдери тереңдетилип үйрөтүлөт. Көптөгөн эл аралык окуу-жайлар менен кызматташат, окуучуларга алар тууралуу маалыматтарды берип турат. Жогорку окуу жайга, алардын тесттерине даярдоолор болот. Спорт жаатындагы ийримдер: футбол, волейбол, баскетбол, күрөш ж.б. сунушталат. Кыргыз тилдүү класстарда окуучулардын саны 28, ал эми орус тилдүү класстарда 34 окуучуга чейин окуйт. Окутуу тили кыргыз жана орус тили, айрым сабактар англисче жана түркчө өтүлөт.

Тамактануу: 3 маал

Баасы: жылына 4000$

Дареги: Бишкек шаары, Широкая көчөсү 1-А

Байланыш номери: 0773 53 69 53

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Bright” эл аралык мектеби

Cambridge жана орус класстары бар. Окуучулар 1-7-класстар аралыгында Cambridge классында, ал эми 1-10-классында орус класста окуй алат. Мектепке кирүү үчүн 9-11-класстын окуучулары англис тилин intermediate деңгээлинде билүүсү керек. Мектеп заманбап технологиялар менен жабдылып, англис тилин үйрөнүүгө жакшы көңүл бурулган. Балдар IT тармагында билим алышып, программалоону Tynker онлайн платформасы менен үйрөнүшөт. Сабактардан сырткары окуучулардын кызыктуу убакыт өткөрүүсү үчүн ийримдердин тобу сунушталат. Шахмат, футбол, комуз, искусство, сүрөт тартуу, гимнастика секциясы, вокал ийримдери бар. Окуу убактысы 9:00дөн 17:00гө чейин. Бир класста окуучулардын саны 22ден ашпайт.

Тамактануу: 3 маал

Баасы: орус тилдүү класстар жылына 3300-3600$

англис тилдү класс 4900$

Дареги: Бишкек шаары, Ажибек Баатыр көчөсү 1А

Байланыш номери: 0556 62 06 20

0505 62 06 20

​#ПАЙДАЛУУ: Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берген жеке менчик мектептерге саякат

“Индиго Сапат” мектеби

1-6-класска чейинки окуучуларды кабыл алат. Математика, англис тили, информатика жана түрк тилдери тереңдетилип окутулат. Мектепке кабыл алууда балдардын тил деңгээлин билүү үчүн тестирлөө болот.

-Логика;

-Ритмика сабактары бар.

Сабактан тышкары комуз, шахмат, таэквандо, оригами, кол өнөрчүлүк, тамак жасоо, волейбол, футбол, менталдык арифметика, гитара, стекинг, жана робототехника ийримдери баланын убакытты пайдалуу өткөрүүсүнө кепилдик берет. Сабактар кыргыз, орус тилинде өтүлөт. Окуу убактысы 8:30 дан 17:00гө чейин. Бир класста 20га чейин окуучу окуйт.

Тамактануу: 3 маал

Баасы: башталгыч класстар жылына 2800$

1-7-класстар жылына 3300$

Дареги: Бишкек шаары, Карадарыя көчөсү 16

Байланыш номери: 0700 44 55 03

Даярдаган: Нурсулуу Нурдинова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты