Баткенде сел үйлөрдү каптап, жолдор бузулду

  • 3 года мурун

Баткен облусунда 2-августка караган түнү жааган жаан — чачындан улам сел жүрүп, үйлөр жана жолдор жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кадамжай районунун Алыш айылында жайгашкан 17 үйдүн короосуна, анын ичиндеги жети үйдүн жертөлөсүнө суу кирген.

Ошондой эле, төрт чакырым чарба жолу бузулган.

Мындан сырткары, селдин кесепетинен Үч-Коргон айыл аймагында 700 метр, ал эми Көтөрмө айыл аймагында 200 метр жолдор бузулган.

Июнь айында Жалал-Абад облусунда селден курман болгондордун саны онго жакындаган. Өткөн жумада Ысык-Көлдүн шаарларында жана айылдарында сел жүрүп, үйлөр жана жолдор жабыркаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты