Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууда

  • 3 года мурун

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлерине тааныштырылып, мэрдин милдетин аткарууга киришти.

Бул тууралуу “Азаттык” кабарлады.

Буга чейин Алмаз Мамбетов Балыкчы шаарынын мэри (2016-2019 жж.), Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы (2019-2020 жж.), 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп эмгектенген.

Эске сала кетсек, 11-июлдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоонун жыйынтыгында Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн: “Ата-Журт-Кыргызстан”, “Биздин Кыргызстан”, “Улуттар Биримдиги” жана “Бир Бол”.

Сүрөт: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты