Чек арачылар контрабанда өткөргөн түтүкчөлөрдү жок кылышты

  • 3 года мурун

Лейлек чек ара отрядынын жоокерлери кыргыз-тажик чек арасында контрабандалык күйүүчү май өткөргөн түтүкчөлөрдү жок кылышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирүүдө.

Контрабандага каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде чек арачылар Лейлек районунун Интернационал айылында күйүүчү май өткөрүүчү түтүкчөлөрдү табышкан. Ал түтүкчөлөр Кыргызстандын аймагынан тажип тарапты көздөй багытталган.

Ошондой эле, чек арачылар түтүкчөлөрдүн жанынан күйүүчү майдан жана жүк ташуучу унаанын издерин байкашкан.

Тийиштүү иш-чаралардан кийин түтүкчө жок кылынды.

Сүрөт: Чек ара кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты