Мамлекеттик тил комиссиясы улуттук комиссия болуп кайра түзүлдү

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө” жарлыкка кол койду.


Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүү максатында Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны «Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия» деп кайра атоо токтому кабыл алынды.

Улуттук комиссиянын карамагына бул мекемелер өткөрүлүп берилет:

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборуна өзгөртүп түзүү менен Улуттук илимдер академиясынын алдындагы “Кыргыз энциклопедиясы” башкы редакциясы” мекемеси, ошондой эле КР өкмөтүнүн алдындагы терминологиялык комиссиясы;

– Президентке караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү менен “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты